Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чегара Кызматы

Википедия дан

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чегара КызматыКыргызстандын мамлекеттик чегарас кайтарган жана коргогон, чегара көзөмөлүн жүзөгө ашырууга, мамлекеттик чегара режимин бузууларды алдыналууга жана ага жол бербөөгө, КР эгемендүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө колсалууларды болтурбоого багытталган бирдиктүү мамлекеттик орган.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чегара Кызматы
орус. Государственная пограничная служба Кыргызской Республики, ПС КР
Кыска аталышы

КР МЧК

Урааны

«Милдет, Намыс, Ата-Мекен»!

Негизги маалымат
Негизделген

31-август 2002 жыл

Муруңку түрү

Орусия Федерациясынын Федералдык Коопсуздук Кызматынын Чегара Кызматы (1991-1999)
Чегара Көзөмөлү (1999-2002)

Кызматкерлеринин саны

6.800

Мамлекет

 Кыргызстан

Башкаруучулугу
Багынган

УКМК КР

Жоопкерчиликтүү башчы

Уларбек Шарешеев

Түзүлүшү
Башкы штабы

Кыргызстан Кыргызстан: 720005, Бишкек, Медеров көчөсү 163

Багыныштуу органдар

Чегара Көзөмөлүнүн Башкы Башкармалыгы (1999-2002)
Улуттук Коопсуздук Кызматынын Чегара Күзөтүнүн Башкы Башкармалыгы (1999-2002)[1]

Камсыздоочулар

Түркия Түркия,  Азербайжан,  Кытай

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

СССР учурунда чек арачылар Мамлекеттик коопсуздук комитетинин курамына кирген. Алар КГБнын катарында 50 жыл, 1989-жылга чейин болгон.

Эгемендүүлүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эгемендүүлүк алгандан кийин дагы сегиз жыл ар кандай саясий жана экономикалык себептерден улам, Кыргызстандын чек арасын Орусиянын чек арачылары кайтарып келген. 1999-жылы алар өз функцияларын кыргызстандык кесиптештерине өткөрүп беришкен.

Чек ара кызматы эки бөлүмгө бөлүнгөн — Чегара Көзөмөлү (орус. Погранконтроль), башкача айтканда, бардык өткөрүү пункттарды Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Кызматы тарабынан көзөмөлдөгөн. Аскердик жагы — чек ара заставаларын Коргоо Министрлигинин карамагында болгон.

2002-жылга чейин Чек ара кызматы Коргоо министрлигинин Чек ара кызматынын башкы башкармалыгынан жана Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара көзөмөлү башкы башкармалыгынан турган, андан кийин эки структура бирге бириктирилген. Чек арачылар УКМКга баш ийген. Андан кийин Чек ара кызматында дагы эки жолу реформа жүргүзүлдү – башкармалык күч кызматкерлеринин карамагынан чыгарылып, кайра аларга бекитилди.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]