Кыргыз Республикасынын Патрулдук Милициясы

Википедия дан
Лейлек району

Кыргыз Республикасынын Патрулдук Милициясы (ПМ) (мурдагы аталыштары Мамлекеттик Автоунаа Инспекциясы (МАИ), Жол-Кайгуул Кызматы (ЖКК) ошондой эле орусча (ГАИ) аталышы менен кеңири таралган) — Өлкөдөгү жол коопсуздугун камсыздоочу мекеме.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз жергесине биринчи автоунаа 1912-жылы келген, ошол эле жылы мотоциклдер өлкө аймагында жүрө баштаган, андан соң жүргүнчү жана жүк ташуучу унаалар каттап калган. 1920-1930-жылдары унааларды көзөмөлдөө милдети СССРдин Бириктирилген мамлекеттик саясий башкармалыгынын, андан кийин милициянын административдик бөлүмүнүн моюнунда болгон. Унаалар 1935-жылдан тарта республиканын турмушуна терең кирип, Мамлекеттик автоунаа инспекциясы (МАИ) түзүлгөн. Бышында анда 12 инспектор иштеген, кийин унаалардын көбөйгөнүнө жана мезгилдин талабына жараша алардын саны өсүп турган.Советтер Союзу доорунда жол коопсуздугун камсыздаган кызматтын аталышы эч өзгөргөн эмес. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүгүн алгандан кийин бул органдын аты ар кандай болуп өзгөртүлүп, бүгүнкү күнгө чейин бул иш жүрүп келет. 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик автоунаа инспекциясы түзүлгөн. Өкмөттүн тиешелүү токтомунда МАИнин негизги функциялары жана милдеттери белгиленген. 2009-жылы Мамлекеттик автоунаа инспекциясы Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгы деп өзгөртүлгөн. Бул кызматка унаа кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча көзөмөл, күзөтүү жана уруксат берүү функциялары берилген. 2012-жылы Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгы Жол-кайгуул кызматы деп атала баштаган. 2016-жылы Жол-кайгуул кызматы менен Патрулдук-посттук кызматы бириктирилип, Патрулдук милициянын башкы башкармалыгы түзүлгөн.2017-жылы Патрулдук милициянын ордуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы түзүлгөн.

Реформалоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Дүйнө жүзүндө террорчулук коркунучу жогорулап жатат, мындан улам коомдук коопсуздукту камсыздоо чараларын жогорулатуу керек. Ошентип коомдук жайларда жана жолдордо тартипти көзөмөлдөгөн кызматтарды күчөтүү максатында бул жаңы органды түзүү зарылчылыгы пайда болду", - деп түшүндүрүшкөн ИИМден.2018-жылы өлкөдө кайрадан Патрулдук милицияны түзүү идеясы жаралып. Ал үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана Кайгуул-күзөт бөлүмдөрү бириктирилет. Жаңы Патрулдук милиция 2020-жылы иштеп баштай турганы күтүлүүдө.

2018-жылы 5-ноябрда Саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору, жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда реформа тууралуу төмөнкүлөрдү билдирген, бул өзгөртүү жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоонун натыйжасында иштелип чыккан.

"Жаңы түзүлгөн патрулдук милиция жолдордогу коопсуздукка гана эмес, жалпысынан бекитилген участкалардагы коомдук коопсуздукка жооп берет. Патрулдук милиционерлер аларга бекитилген участканы толугу менен көзөмөлдөп, мыйзам бузууларды аныктап, алдын ала чараларды көрүп, дайыма кыймылда болушат. Патрулдук милиция жарандар менен байланышта болуп, аларга жардам берген социалдык-сервистик кызматка айланат.

Бул реформа үч баскыч менен ишке ашырылат. Биринчи - кадрларды сынактын негизинде тандоо. Экинчи баскычта тандалган кызматкерлер жарандардын укуктары боюнча маселелерди, тактикалык жана ок атуу даярдыгы, жол эрежелерин окуу сыяктуу тиешелүү окуудан өтүшөт. Үчүнчү баскыч - кызмат өтөөнүн өзү, ал антикоррупциялык чараларды жана кубаттоо ыкмаларынан турат. Бишкек шаарында патрулдук милицияны түзүү боюнча долбоор 2019-2020-жылы ишке ашыруу пландалууда, кийинки жылдардан тартып реформа бүт өлкөнү камтыйт.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]