Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

Википедия дан

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары – министрлик) - Кыргыз Республикасында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана жарандардын ден соолугун коргоо жаатында башкарууну ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук органы болуп эсептелет.

Министрликтин максаты - Кыргыз Республикасында жарандардын ден-соолугун коргоо жана чыңдоо. Министрликтин милдеттери болуп:

  • саламаттыкты сактоо кызматтарынын сапатын жогорулатуу жана ага калктын жеткиликтүү болушун камсыз кылуу;
  • калктын саламаттыгы;
  • саламаттык сактоо тармагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү;
  • бюджеттик-камсыздандыруу медицинасын өркүндөтүү Archived 2021-01-28 at the Wayback Machine багыттарында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сайты http://www.med.kg/ Archived 2022-01-03 at the Wayback Machine

Түзүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмү (75 адам)

КРнын Саламаттык сактоо министринин буйругуна тиркеме

Коллегия__________________ Министр

Статс-катчы (1)_______Министрдин орун басары(1)_____________Министрдин орун басары (1)

Адам ресурстары жана уюштуруу иштери башкармалыгы (14 адам)

Кадрлар бөлүмү (4 адам)

Медициналык билим берүү жана илим бөлүмү (4 адам)

Иш кагаздарын жүргүзүү жана уюштуруу иштери бөлүмү (6 адам)

Юридикалык бөлүм (4 адам)

Жемкорлукту алдын алуу маселелери боюнча өкүл (1 адам)

Каржылык саясат башкармалыгы (10 адам)

Каржылоо жана пландоо бөлүмү (4 адам)

Эсеп жана отчёттуулук бөлүмү (5 адам)

Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгы (13 адам)

Стационардык жана атайын медициналык жардам бөлүмү (6 адам)

Баштапкы медициналык-санитардык жана дары-дармек саясаты бөлүмү (6 адам)

Медициналык жана фармацевтикалык кызматтарды лицензиялоо бөлүмү (4 адам)

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгы (7 адам)

Сатып алууларды уюштуруу бөлүмү (4 адам)

Долбоорлорду стратегиялык пландоо жана ишке ашыруу башкармалыгы (7 адам)

Эл аралык кызматташуу сектору (3 адам)

Министрдин кеңешчиси (1 адам)

Министрдин жардамчысы (1 адам)

Пресс-катчы (1 адам)

Ички аудит бөлүмү (4 адам)

Милдеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Министрлик төмөндөгүдөй милдеттерди аткарат:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

а) тармактык саясаттын милдеттери:

  • ден-соолукту коргоо жана чыңдоо жаатында улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды, мамлекеттик кепилдиктердин программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт жана баалайт;
  • саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
  • медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн көлөмүн жана шарттарын аныктайт;
  • саламаттык сактоо уюмдарын оптимизациялоо жана түзүмүн өзгөртүү боюнча иш-чараларды өткөрөт;
  • менчигинин түрүнө карабастан, медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ишине мониторинг жүргүзөт жана баа берет;
  • климаттын глобалдык жактан өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Тамекинин зыяндуу таасиринен жарандардын ден-соолугун коргоо боюнча тармактар аралык координациялык кеңештин ишин камсыз кылат;
  • жугуштуу жана актуалдуу өнөкөт жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу стратегиясын иштеп чыгат жана аны жүзөгө ашырат;
  • программалык негизде саламаттык сактоонун консолидацияланган бюджетин түзүү жана аткаруу чөйрөсүндө саясатты ишке ашырат;
  • жогорку технологиялык фонддун, техникалык тейлөө фондунун, эпидемиологиялык фонддун жана борборлоштурулган иш-чаралардын каражаттарын бөлүштүрүү механизмдерин түзөт жана аныктайт;
  • Бирдиктүү төлөөчү тутумунан тышкары иштеген саламаттык сактоо уюмдарын каржылоонун көлөмүн жана чыгымдарды пландаштырууну аныктайт;
  • фармацевтикалык ишмердик, калкты жана саламаттыкты сактоо уюмдарын дары-дармек менен камсыз кылуу, дары-дармектердин сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүүнү
  • уюштуруу жаатында мамлекеттик саясатты түзөт жана аны жүргүзөт;
  • саламаттык сактоо тутумуна мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү киргизет жана өнүктүрөт;
  • көзөмөлдөнгөн маселелер боюнча эл аралык макулдашууларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат, саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүүгө гранттарды жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзөт, эл аралык долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууну камсыз кылат;

б) жөнгө салуу функциялары:

  • менчигинин түрүнө карабастан саламаттыкты сактоо уюмдарындагы баштапкы медициналык эсепке алуунун жана статистикалык отчёттуулуктун бирдиктүү тутумун иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
  • медициналык жана фармацевтикалык кызматтардын сапатын, коопсуздугун тескөө тутумун иштеп чыгып, аны ишке киргизүүнү жүзөгө ашырат;
  • саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоонун стандарттарын иштеп чыгууга катышат;
  • медициналык жана фармацевтикалык кадрларды каттоону уюштурат, саламаттыкты сактоо уюмдарында медициналык кадрлардын которулушуна мониторинг жүргүзөт;
  • жыл сайын кабыл алуу планын бекитет, медициналык билим берүү уюмдарына кабыл алуу эрежелерин макулдаштырат;
  • жеке медициналык практиканы лицензиялоону, ошондой эле дары-дармектерди, вакциналарды жана сары суулардын, дары-дармектердин жана медициналык шаймандардын өндүрүлүшүн жана сатылышын жүзөгө ашырат;
  • дүң, чекене иш алып баруучу дарыканалар тармагындагы, саламаттыкты сактоо уюмдарындагы фармацевтикалык өнүмдөргө баа коёт жана бааларга мониторинг жүргүзөт;

в) координациялоо, контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары:

  • саламаттыкты сактоо жана чыңдоо жаатындагы улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программалардын, мамлекеттик кепилдиктер программаларынын аткарылышы боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын ишин контролдойт;
  • жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте менчигинин түрүнө карабастан, саламаттыкты сактоо уюмдарынын ишмердигине жалпы жетекчиликти, координацияны жана контролду жүзөгө ашырып, тармакты өнүктүрүү боюнча биргелешкен чараларды көрөт;
  • тармактар аралык координацияны, ошондой эле коомдук уюмдар, жарандык сектор жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен саламаттык сактоо жаатында улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды жүзөгө ашыруу боюнча иштешүүнү камсыздайт;
  • республиканын аймагын карантиндик жана өзгөчө кооптуу оорулардын киришинен жана жайылышынан санитардык жактан коргоо боюнча иш-чаралардын аткарылышын координациялайт;
  • эпидемиологиялык көзөмөлдү жүргүзүүнү жана эпидемияга каршы, жугуштуу оорулардын жана тамак-аштан уулануунун очокторун өз убагында чектөө жана четтетүү боюнча алдын алуу иш-чараларынын уюштурулушун координациялайт;
  • патогендик микроорганизмдер менен иштеген лабораториялардын биологиялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишти координациялайт;
  • Кыргыз Республикасынын калкын жана саламаттыкты сактоо уюмдарын дары-дармектер менен камсыз кылуу жана калкты жана саламаттыкты сактоо уюмдарын дары-дармек каражаттарын өндүрүү жана камсыздоо боюнча ата мекендик фармацевтика тармагы менен иштешүүнү уюштуруу, турмуштук маанилүү дары-дармектердин Тизмесин түзүү боюнча ишти координациялайт;
  • саламаттык сактоо уюмдары сатып алган булагына карабастан, дары-дармектердин үнөмдүү пайдаланылышына контролду камсыз кылат;
  • жогорку технологиялык фонддун, техникалык тейлөө фондунун, эпидемиологиялык фонддун жана борборлоштурулган иш-чаралардын каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдойт;
  • Бирдиктүү төлөөчү тутумунан тышкары иштеген саламаттык сактоо уюмдарындагы каржылык жана операциялык процесстерге ички аудит жүргүзөт;
  • адистердин, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жана мамлекеттик кызматчылардын аттестациядан өтүшүн контролдойт;
  • мамлекеттик буйрутманы аныктайт жана менчик түрүнө жана кайсы ведомствого таандык экенине карабастан медициналык жана фармацевтикалык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо чөйрөсүндөгү ишти координациялайт;
  • дипломго чейинки жана дипломдон кийинки, кошумча медициналык, фармацевтикалык билим берүү жана медициналык илим маселелерин координациялайт, менчигинин түрүнө жана кайсы ведомствого таандык экенине карабастан, бирдиктүү мамлекеттик билим берүү стандарттарын, медициналык билим берүү уюмдарында окуу пландарын жана программаларын иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизет;
  • саламаттык сактоо жаатындагы илимий-изилдөө иштери жүргүзүүнү координациялайт, саламаттыкты сактоо жаатындагы илимий жана практикалык иш-аракеттердин уланмалуулугун камсыз кылат;
  • саламаттыкты сактоо боюнча координациялык жана башка комиссияларды, кеңештерди жана штабдарды түзөт жана алардын ишине катышат.

г) кызмат көрсөтүү функциялары:

  • башка министрликтер жана ведомстволор менен биргеликте өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга байланыштуу маселелерди чечүүгө катышат, жабыркагандарга медициналык-санитардык жардам уюштурат, тынчтык мезгилде жана согуш мезгилинде калкты медициналык жактан камсыз кылуу боюнча мобилизациялык даярдыкты жүргүзөт;
  • калктын ден-соолугун чыңдоо, сергек жашоону калыптандыруу жана жарандардын өзүнүн жана башка адамдардын ден-соолугу үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн жарандык коомду, жалпыга маалымдоо каражаттарын, коомдук уюмдарды тартуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;

д) колдоо функциялары:

  • саламаттык сактоо уюмдарынын инфратүзүмүн жана материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча иш-чараларды камсыз кылат;
  • көзөмөлдөнгөн маселелерди кароодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сот органдарында жана башка мамлекеттик органдарда Өкмөттүн таламын коргойт;
  • саламаттыкты сактоо секторуна келип жаткан каржы булагы гуманитардык жардам, гранттар жана насыя экенине карабастан, каржы каражаттарынын келип түшүшүн жана пайдаланылышын эсепке алууну уюштурат жана алардын саламаттык сактоо тутумунда пайдаланылышы боюнча бухгалтердик эсепти жана каржылык отчёттуулукту камсыз кылат
  • саламаттык сактоо тутумунун маалыматтык-коммуникациялык технологияларын өнүктүрүүнү жана колдоону камсыз кылат;
  • керектөөнү аныктайт жана товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн тендердик негизинде борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзөт;
  • өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык деңгээлде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргойт, башка мамлекеттердин саламаттык сактоо органдары, эл аралык уюмдар менен мамилелерди түзөт жана өнүктүрөт.[1] Archived 2021-01-28 at the Wayback Machine

Байланышуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Министр: Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович

Тел: 0(312) 62-26-80

Жарандарды кабыл алуу: шаршемби, 17.00дөн 18.00 ге чейин

Статс-катчы: Шадыханов Калысбек Токтосунович

Жарандарды кабыл алуу: шейшемби, бейшемби, 16.00 дөн 18.00 ге чейин

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кабылдамасы:

Тел.: 0 (312) 62 -10-23

Пресс-катчы, тел.: 0 (312)66-58-30

Коронавирус: расмий маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калк үчүн сунуштамалар http://med.kg/ru/rekomendatsii-dlya-naseleniya.html(жеткиликсиз шилтеме)

Ишеним телефондору - 118

Кыргызстандагы COVID-19 боюнча статистикалык маалыматтар http://www.med.kg/ru/informatsii.html Archived 2021-01-28 at the Wayback Machine

Иш кагаздар http://www.med.kg/ru/informatsiya-dlya-spetsialistov.html Archived 2021-01-23 at the Wayback Machine

“Эпидемиялардын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга келип түшкөн каражаттарды сарптоонун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү” тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жыл, 3-апрелдеги № 194 токтому.

“Коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучун азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” (COVID-19) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жыл, 11-майдагы №244 токтому.

"Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын-алуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар “(COVID-19) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жыл, 8-майдагы токтомуна “Убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер" тиркемеси.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жыл, 11-майдагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Эпидемиянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга келип түшкөн каражаттарды сарптоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө"2020-жыл, 3-апрелдеги №194 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому.

КР Саламаттык сактоо министрлигине келип түшкөн гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү http://www.med.kg/ru/gumanitarnaya-pomoshch.html Archived 2021-01-23 at the Wayback Machine

Статистика жана изилдөөлөр: https://stat.med.kg/(жеткиликсиз шилтеме)