Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы

Википедия дан

Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы — адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байытууга жана жакындаштырууга чоң салым кошкон, эстетикалык жана тарбиялык таасири күчтүү, ошондой эле коомго кеңири таанылган мыкты чыгармалар үчүн эки жылда бир жолу ыйгарылуучу сыйлык. Алгач Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1966-жылы 20-ноябрдагы токтому менен «Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы» болуп бекитилген, кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-январындагы токтому менен «Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы» болуп өзгөртүлгөн. Мамлекеттик сыйлыкка тарбиялык мааниси мыкты, көркөмдүк баасы жогору чыгармаларды жараткан адамдар көрсөтүлөт. Сыйлык жеке адамга, ошондой эле авторлор жамаатына да ыйгарылышы мүмкүн. Сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгарма акыркы үч жылда, бирок сыйлыкты кезектеги ыйгарууга чейин кеминде бир жыл мурда жарыяланган (эл алдында аткарылган, көрсөтүлгөн, курулган) болууга тийиш. Сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармаларды Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитет карап, чечим чыгаргандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Президентке бекитүү үчүн жөнөтөт. Мамлекеттик сыйлыкты алган адамдарга «Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» деген наам менен бирге ыйгарылат, акчалай сыйлык, диплом, ардак белги жана лауреаттык күбөлүгү тапшырылат. Ардак белги көкүрөктүн оң жагына ордендер менен медалдардын, чет мамлекеттердин бардык ардак белгилеринен өйдө тагылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]