Кыргыз Республикасынын Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы

Википедия дан

Кыргыз Республикасынын Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы — салттуу, адеп-ахлактык, маданий көөнөрбөс баалуулуктарды өркүндөтүү менен сактоого жана жаш муундарды рухий жактан тарбиялоого, гуманизм, демократия принциптерин бекемдөөгө кошкон өзгөчө салымы, адабият менен журналистиканын мыкты чыгармалары ж. б. үчүн жаш жарандарга ыйгарылуучу сыйлык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы №514 токтому менен бекитилген. Сыйлык ыйгарылган лауреаттарга лауреаттын диплому, атайын байге жана 45 миң сом акчалай сыйлык берилет. Сыйлыкты ыйгаруу эки жылда бир жолу жүргүзүлөт. Изденип алуучулардын курагы 35 жаштан ашпоого тийиш. Сыйлык Жаштардын эл аралык күнүнө карата 10-ноябрда тапшырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]