Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгы

Википедия дан

Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгы гуманитардык, табигый жана техникалык илимдерди өркүндөтүүгө көрүнүктүү салым кошкон илимий изилдөөлөргө, жогорку өндүрүмдүү жаңы технологияларды ойлоп таап, ишке киргизгендерге, ошондой эле кеңири коомдук жактырууга ээ болгон, окуу жайлары жана жалпы билим берүүчү орто мектептер үчүн жазылган эң мыкты окуу китептери үчүн ыйгарылат. Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1967-жылы 30-ноябрдагы № 647 токтому менен бекитилген. Эки жылда бир жолу Кыргыз Республикасынын эгемендик күнүнө карата берилет. Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу жөнүндөгү маселени атайын комитет карап чыгып, чечим чыгаргандан кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө берилет. Сыйлыкка татыктуу болгон адамдарга «Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» наамы менен бирге диплом жана акчалай сыйлык, лауреаттык күбөлүгү тапшырылат. Ардак белги көкүрөктүн оң жагына тагылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]