Кыргыз Республикасынын президентине караштуу башкаруу академиясы

Википедия дан

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу башкаруу академиясы — жогорку окуу жайы. 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен мамлекеттик кызматка адистерди даярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылуу максатында Бишкек Эл аралык менеджмент жана бизнес мектеби ачылып, кийин 1997-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы болуп кайра түзүлгөн. Мамлекеттик бийлик органдарын окуу-методикалык, илимий жана маалымат-аналитикалык жактан камсыздандыруу, ошондой эле башкаруу жана экономикалык, мамлекеттик адис кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо функциясы ыйгарылган. Академияда мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу институту, Бишкек эл аралык менежмент жана бизнес мектеби, ошондой эле А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык окуу жайы иштейт. Академия 20 жылдан бери универсалдуу билим берүүчү окуу жай катары өнүккөн. Кадрларды даярдоодогу окуу-методикалык иштери бөлүштүрүлүп, 130дан ашык адис профессор окутуучулар, белгилүү окумуштуулар эмгектенишет жана учурда 2150дөн ашык студент билим алат. Магистратура (күндүзгү, кечки жана сырттан окуу бөлүмдөрү), бакалавр (күндүзгү бөлүмү) программалары иштейт. Башкаруу академиясы Борбордук Азия аймагындагы Бизнес мектебинин ассоциациясынын, Борбордук Азиядагы жогорку окуу жайлардын ресурстук тармагынын мүчөсү. Уюштуруучусу жана ректору — М. Ашыркулов.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]