Кыргыз Республикасын экономикалык өнүктүрүүнүн приоритеттери (2013-2017)

Википедия дан

Кыргыз Республикасын экономикалык өнүктүрүүнүн приоритеттери (2013-2017)

Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүүнүн приоритеттери 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында камтылган. Аталган стратегия Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин талкуусунан соң кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2013-жылы 21-январда кол койгон атайын жарлыктын негизинде бекитилген.


2013-2017-жылдары мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин маанилүү багыты Кыргызстанда ата-мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн сөзсүз эң жагымдуу шарттарды түзүү болот. Өзгөчө көңүл кен казуу өнөр жайын, энергетиканы, туризмди, айыл чарбасын, транспортту, финансы секторун өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы экологияга багытталган технологияларга негизделген бизнес чөйрөгө топтолот.

Стратегияны жүзөгө ашыруу Кыргызстанга 2017-жыл аяктаганга чейин энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү жолунда олуттуу илгерилөөгө, ошондой эле жакынкы келечекте электр энергиясын ири экспорттоочунун статусун алууга олуттуу билдирүү жасоого мүмкүндүк бериши керек.

Электр энергиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Электр энергетикасынын жаңы обьекттерин ишке киргизүү менен өлкөнүн жарандары “кезектүү өчүрүүлөр” түшүнүгүн унутууга тийиш. Арзан электр энергиясын кошумча иштеп чыгуу ишканалардын санын кеңейтүүгө, өндүрүштүн көлөмүн жогорулатууга жана чакан жана орто ишканаларда жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, региондордун экономикасын жандандырууга алып келет.

Саясат жана чаралар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кубаттуулукту өнүктүрүү чөйрөсүндө Камбар-Ата ГЭСи – 1, Жогорку Нарын каскадын ГЭС (4) курулушун баштоону, Камбар-Ата – 2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү боюнча курулушту улантууну жана Сары-Жаз дарыясында ГЭС каскадын куруу маселесин иштеп чыгууну камсыз кылуу керек. Республиканы электр менен жабдуунун коңшу мамлекеттердин тармактарынан көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн республиканын түштүгүндө 500/220 кВ «Датка» көмөкчү чордону жана жалпы узундугу 410 км «Датка-Кемин» ЖЧ курууну аяктоо зарыл. Экспорттук потенциалды камсыз кылуу үчүн техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) даярдап жана «Кемин-Алма-Ата» 500 кВ ЖЧ өткөрүүчү чубалгыларын жана «Кыргызстан-КЭР» 500 кВ ЖЧ жана «Датка-Худжент» 500 кВ ЖЧ ( «CASA-1000»долбоору) өткөрүүчү чубалгыларын курууну баштоо зарыл. Электр энергетика секторун финансылык жактан жакшыртууга багытталган саясат чаралары өзгөртүүсүз болот, бул үчүн электр энергиясынын жоготууларынын 12%дан ашык эмес көрсөткүчүнө, коюлган эсептер боюнча 100%дык чогултууларга жетишүү зарыл, дебитордук карыздын мөөнөттөрү үч айдан ашпоосу керек, бул энергия компанияларынын техникалык абалын жакшыртууга финансылык каражаттардын көлөмүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.

Кен казып алуу тармагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кен казып алуу тармагы өлкөнүн экономикасынын стратегиялык маанилүү тармагы болуп саналат, ал бийликтен Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын иштетүүгө инвестициялык кызыктыруу үчүн шарттарды түзүүнү талап кылат. Мамлекеттик бардык бийлик институттарынын, анын ичинде жергиликтүү бийликтин мыйзамды туу туткан инвесторлорду реалдуу коргоого алуусу ушул иштин натыйжасы болуп калат. Инвестор менен региондук жамааттардын өз ара мамилелери мыйзамдын гана чегинде түзүлөт. Жергиликтүү калк инвестор өз каражатын жумшап жана жаңы жумушчу орундарды түзүп, регионду өнүктүрүүгө жана жашоо деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтүп жаткандыгын түшүнүшүнө жетишүү керек, ошондуктан аларга карата мамиле жакшы санаалуу жана конструктивдүү болууга тийиш.

Алтын казуу өнөр жайы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алтындын запастары 2012-жылдын 1-ноябрына карата 60 негизги алтын чыккан жерлер боюнча, алтындын чалгындалган жана тастыкталган запастары 448 тонна жана алтын аралашмалары 24 кен чыккан жер боюнча – 5 тонна көлөмү эске алынган. Бардык түпкү алтын кендеринен азыркы убакта бешөө иштетилип жатат – «Кумтөр», «Макмал», «Солтон-Сары», «Терек» жана «Тереккан». Өнөр жайлык өздөштүрүүгө 6 кен чыккан жер даярдалган («Жерүй», «Талдыбулактын сол жээги», «Андаш», «Бозымчак», «Иштамберды», «Куру-Тегерек»), алар боюнча иштеп чыгууга долбоорлор түзүлгөн же долбоорлоо аяктап жатат. Калган обьекттерде геологиялык чалгындоо жана издөө иштери жүрүп жатат.

Саясат жана чаралар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Жер казынасы жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясы күчүнө киргендигине байланыштуу жалпы мамлекеттик масштабдагы алтын кен чыккан жерлерге мурда берилген лицензияларды узартуу керек. (ii) бир лицензиялык аянтчада издөө жана чалгындоо иштерин өткөрүүгө атаандашкан лицензиаттар менен мамлекеттин мамилелеринин маселесин жөнгө салуу керек. Лицензиялык шарттарды жана КР мыйзамдарынын сакталышына контролдукту жана көзөмөлдү күчөтүү зарыл, лицензиялык тиркемелердин шарттарын сактабагандык үчүн кайра чакыртып алууга чейин жоопкерчилик чараларын күчөтүү керек. Мында бул аракеттер инвестициялык макулдашуулардын алкагында өз милдеттенмелерин аткарып жаткан ак ниеттүү инвесторлорго таасирин тийгизбеши керек.

Түстүү металлургия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сымаптын чийки заттык базасын Хайдаркан сымап комбинаты иштетип жаткан «Хайдаркан», «Новое» сымап-сурьма-флюорит комплекстүү кен чыккан жерлеринин запастары түзөт. Сурьма кен чыгуучу жана «Кадамжай», «Терек», «Хайдаркан», «Новое», «Кассан», «Түндүк Акташ» жана «Абшир» комплекстүү кен чыккан жерлерде сурьманын чалгындалган запасы 265 миң тоннаны түзөт. Республикадагы чалгындалган уран чыккан жерлер иштелип бүткөн жана акыркы 30 жылда Кара-Балта тоо-кен комбинаты Казакстандан алынып келинген чийки затта иштеп келген. Комбинаттын өздүк чийки зат базасы жок жана анын мындан аркы иши уран чийки затын тыштан берүүгө көз каранды. Калай жана вольфрамдын ири запастары «Трудовое», «Үчкошкон» жана «Кеңсуу» кен чыккан жерлерде топтолгон жана 208 миң тонна калайдын жана 125 миң тонна вольфрамдын запастарын түзөт. «Трудовое» кен чыккан жеринде өнөр жайлык өздөштүрүүгө долбоор түзүлүүдө, казуу 2013-жылдан эрте башталбайт.

Айыл чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айыл жеринде өлкөнүн бүткүл калкынын жарымынан ашыгы жашайт жана ошондуктан айыл чарбасын өнүктүрүү бир эле учурда экономикалык да, социалдык да милдет. Дыйкан жана фермер үчүн экономиканын бул секторунда пайдаланылуучу жаратылыш ресурстарынын жеткиликтүүлүгү жана сапаты абдан маанилүү. Бул эң оболу - жер жана суу. Айыл тургундары үчүн 2017-жылга карата 50 миң гектар жаңы сугат жерлер ишке киргизилет жана жүгүртүүгө кайтарылат, ал эми 80 миңге жакын дыйкан чарбалары же 200 миң киши сугат жана ичүүчү суу менен кошумча камсыз болот. Ошондой эле ирригациялык системаларды калыбына келтирүү жана оңдоо үчүн каражаттар бөлүнүп жана тышкы кредиттер тартылат. Ошол эле жерлерге суу келип, айдоо аянттары жанданып, ал эми айылдык эмгекчилердин турмушу жакшы жагына кыйла өзгөрөт.

Учурдагы абал[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ИДПда айыл чарбасынын салыштырма салмагы жана тармакта иш менен камсыз болгондордун үлүшү акыркы 5 жылда өтө төмөндөгөн, 2011-жылы бул көрсөткүчтөр тиешелүүлүгүнө жараша 18% жана 30,7% түздү.

Айыл чарбасынын кошумча наркынын өсүш арымы өлкө боюнча орточо алгандан олуттуу артта калууда. Алсак, тармактын жылдык орточо өсүш арымы 2001-2011-жылдарда 2,2%ды түзгөн, бул ошол эле мезгил үчүн ИДПнын өсүшүнүн тиешелүү көрсөткүчүнөн кыйла аз – 4,3%. Айыл чарбасында орточо эмгек акы экономиканын башка тармактары менен салыштырмалуу өтө төмөн болуп саналат: 2011-жылы эмгек акы өлкө боюнча тиешелүү көрсөткүчтөн 4784 сомду же 51,4%ды түзгөн.

1990-жылдары айыл чарбасында башталган жер реформасынын натыйжасында агрардык өндүрүштүн негизги каражаттары – жерлер, айыл чарба техникалары жана жабдуулар, мал менчиктештирилген. Бирок, жүргүзүлгөн реформалар күтүүлөрдү актаган жок: мамлекеттин ойлонуштурулбаган саясаты бул стратегиялык тармактын чарба жүргүзүүнүн накталай жана майда товардык формага айлануусуна алып келди. 2011-жылы бардык айдоо аянтынын 79,6%ы жеке менчикте, калган 20,4%ы – мамлекеттин менчигинде болгон. Азыркы учурда айыл чарбасынын 97%дан ашык продукциясы жеке сектордо өндүрүлөт.

Максаттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Агроөнөр жай комплексинин өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн өсүшү, продукциянын сапатын жогорулатуу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.

Айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, кайра иштетүү өнөр жайынын дараметин арттыруу жана бардык агроөнөр жай комплексинин продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

Агроөнөр жай комплексинин бюджеттик кайтарымдуулугун жогорулатуу.

Дыйкандардын социалдык маселелерин чечүү.

Милдеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айыл чарба тармагын башкаруу системасын өркүндөтүү, жөнгө салуунун жыйынтык берүүсүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу; (2) айыл чарбасы үчүн сервистик жана техникалык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана курамын жакшыртуу, айыл чарба өндүрүшүн техникалык жана технологиялык жактан жаңыртуу үчүн өбөлгө түзүү; (3) кооперацияны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, продукциянын сапатын жакшыртуу; (4) агроөнөр жай комплекси үчүн заманбап рынок инфраструктурасын түзүү; (5) агроөнөр жай комплексинин өндүрүшүн жана экспортун өстүрүү, экспортко багытталган кластерлерди өнүктүрүү; (6) жыл сайын жаңы жерлерди колдонууга киргизүү; (7) кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү; (8) жерди пайдалануунун натыйжалуулугун башкаруунун жакшыртуу.

Транспорт жана коммуникация[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Стратегия Кыргызстанды “транспорттук туңгуюктан” алып чыгуу жана транзиттик өлкөнүн катарына өтүү боюнча ачык-айкын инфраструктуралык иш-чараларды камтыйт. Курулушу пландаштырылып жаткан темир жол региондордун экономикасын өнүктүрүүгө түрткү болуп, пайдалуу кен жаткан жерлерге жетүү маселелерин чечет. Мына ушунун бардыгы калкты иш менен камсыз кылууну жогорулатууга жана алардын экономикалык абалын жакшыртууга алып келет. Бул өлкөнүн түндүгү менен түштүгүнүн ортосунда кошумча транспорттук байланышты камсыз кылат. Ошондой эле жыл сайын асфальтобетон төшөлгөн 300 км ашык автожолдорду калыбына келтирүү жана асфальтобетон төшөө менен кеминде 150 км авто жолдорду оңдоо каралып жатат. Телекоммуникация системасында байланыштын була-оптикалык магистралдык тармагын куруу жана санариптик телерадио берүүгө өтүү долбоорлору аяктайт, бул Кыргызстанга дүйнөлүк электрондук маалыматтык мейкиндикке интеграцияланууга мүмкүндүк берет. Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл: (1) эл аралык транспорттук коридорду түзгөн автомобиль жолдорунун беш маршрутун реабилитациялоо; (2) асфальт төшөлгөн автомобиль жолдорунун ички тармагын сактап калуу жана жакшыртуу; (3) өлкөнүн транспорттук көз карандысыздыгын камсыз кылуу; (4) техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун жана өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген темир жол тарамын курууну баштоо; (5) аба-транспорттук түйүн борборун; (6) электрондук өкмөт системасын ишке киргизүү жана сан ариптик телерадиоберүүгө өтүү. Кыргыз Республикасында колдонулуучу транспорттун негизги түрү автомобиль транспорту болуп саналаарын көңүлгө алып, орто мөөнөттү келечекте негизги артыкчылык болуп калктын жүргүнчүлөрдү жана транспорттук жүк ташууларга керектөөлөрүн канааттандыруу, автотранспорт каражаттарынын паркын жаңыртуу жана толуктоо, ошондой эле жол тармагын сактоо жана өнүктүрүү болуп саналат. Транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү чөйрөсүндө саясат жана чаралар жалпысынан жол-транспорттук комплексте мамлекеттик-жеке өнөктүк механизмдерин киргизүүгө багытталат. Экономиканын бул секторуна жеке инвестицияларды, анын ичинде тикелей чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүүгө туура келет, ошондой эле инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүүгө бардык керектөөчүлөрдүн катышуусунун андан ары кеңейүүсүнө көмөк көрсөтүү керек.

Биринчи милдетти[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгынын программасынын алкагында ишке ашырылат, ал жүргүнчүлөр жана жүк транспортунун макулдашылган региондук ишмердүүлүгүн карайт. Борбордук Азия өлкөлөрү тарабынан соода-сатыкты жана транспорттук каттамдарды өнүктүрүү үчүн тоскоолдуктарды четтетүү боюнча аракеттенүү планы иштелип чыккан. Кыргыз Республикасы аталган программанын активдүү катышуусу болуп саналат жана жөнгө салуучу реформаларды демилгелөөгө ниеттенүүдө, аны менен катар эле региондук жол инфраструктурасынын участкаларын жакшыртмакчы. Төмөнкүдөй беш эл аралык транспорттук коридорду реабилитациялоо зарыл: Суусамыр – Талас – Тараз (узундугу 199 км); Бишкек – Нарын – Торугарт (узундугу 539 км); Ош – Баткен – Исфана (узундугу 360 км); Каракол – Түп – Кеген (узундугу 76 км); Исфана-Сүлүктү-Ходжент (Тажикстан Республикасынын чек арасына чейин (узундугу 44 чакырым). Автомобиль жолдорунун ички тармактарын сактоо жана жакшыртуу боюнча милдетти чечүү үчүн жыл сайын төмөнкүлөрдү ишке ашыруу зарыл: (1) 300 км ашык узундукта асфальт бетон төшөлгөн автожолдорунун эскирген катмарын калыбына келтирүү; (2) 150 км кем эмес авто жолун асфальт бетон төшөө менен капиталдык оңдоо жүргүзүү;

Финансылык чөйрө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Финансылык кызмат көрсөтүү системасында атаандашууну өнүктүрмөйүнчө экономиканын өсүшү мүмкүн эмес, ошондуктан мамлекет ишкерлердин жана жарандардын финансылык ресурстаргажеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча шарттарды түзүү, ошондой эле жарандардын финансылык системага ишенимин өстүрүү үчүн өз ыйгарым укуктарын пайдаланат. Ишкерлер үчүн банктар кардарлардын суроо-талаптарын жана таламдарын эске алышы маанилүү. Бирок кардарлар да жаңжалдар келип чыкпашы үчүнөздөрүнүн финансылык сабаттуулугун жогорулатуулары жана мыйзамдарды билиши керек. Өлкөбүздүрегиондогу финансылык борборго айлантуу үчүн бардык өбөлгөлөр бар.

Экономикада мамлекеттик сектордун үлүшү дале болсо олуттуу, мамлекеттик чыгымдар ИДПнын 30%га жакынын түзөт. Бюджеттин тартыштыгы өсүп жатат. Мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун жогорулатуу жана социалдык милдеттенмелерди аткаруу үчүн экономиканы өнүктүрүүгө мамлекеттин күч-аракетин толук көлөмдө топтоо талап кылынат, анткени салык кирешелеринин жана Социалдык фондго келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн деңгээли экономиканын өнүгүшүн көп жагынан кечеңдетип жатат. Документте белгиленген 2013-2017-жылдарга экономикалык өнүктүрүү саясаты улуттук жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга, социалдык кесепеттерди жоюуга жана өлкөдө саясый кырдаал жакшырган шартта өлкөнүн экономикасын өнүгүүнүн туруктуу багытына алып чыгууга багытталган. Бул документте экономикалык приоритеттер белгиленген, ал жакынкы беш жылда эле экономиканын, мамлекеттик бюджеттин жана эмгек рыногунун абалына олуттуу таасир тийгизүүгө тийиш. Ошондуктан 2013-2017-жылдарга экономикалык приоритеттерди тандоо үчүн негизги критерийлер болуп төмөнкүлөр саналат: (1) жогорку кошумча нарк; (2) салыктын көп өлчөмү; жана (3) жумушчу орундарды түзүү жана ага ылайык жумушсуздукту кыскартуу.

Документте көрсөтүлгөн экономикалык приоритеттерди тездик менен жүзөгө ашыруу алдыдагы беш жылда мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын кыскартууга жана иш менен камсыз кылуунун өсүшү аркылуу коомдо социалдык оорчулукту төмөндөтүүгө дурус таасир тийгизет.

2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү саясатын тариздөөгө концепциялык мамилени эске алуу менен ачык-айкын чараларды жана аракеттерди кең-кесири тактоо бюджеттик процесстин убакыттык алкагына негизденүү менен бул документтин чегинде белгиленген өлкөнүн экономикалык өнүктүрүү саясатын жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ар жылдык жана үч жылга кеңири так пландын алкагында жүргүзүлүшү керек.

Экономикалык реформаларды жүзөгө ашырууну координациялоо, өлкөдөгү экономикалык кырдаалдын өзгөрүшүнө натыйжалуу жооп кайтаруу Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнө олуттуу чектөөлөр болуп төмөнкүлөр саналат:

  1. географиялык жайгашуусу: деңизге чыгуу жолунун жоктугу жана башкы экономикалык борборлордон обочолугу;
  2. экономиканын сервистик-агрардык структурасы;
  3. оңой алынуучу энергетикалык ресурстардын жана пайдалуу кендердин жоктугу;
  4. рынок экономикасын өнүктүрүүдө мол тажрыйбанын жоктугу;
  5. экономиканын транзиттик мүнөзү.

Улуттук долбоорлордун аткарылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Туруктуу өнүгүү стратегиясында агро өнөр жай комплекси, энергетика, транспорт жана коммуникация, тоо кен жана өндүрүш-логистикалык тармактагы 77 улуттук долбоорду ишке ашыруу каралган. 2013-жылдын январь айынан 2015-жылдын сентябр айына чейин 690 миллион АКШ долларына эсептелген 17 долбоор аткарылды. Учурда 1 миллиард 59 миллион долларга каралган 38 долбоор ишке ашырылып жатса, 382, 4 миллион доллардан каражатка 4 долбоорду ишке ашырууга даярдык көрүлүп жатат.

2835,9 миллион долларга эсептелген 18 долбоор учурда баштала элек.

“Биз Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында каралган 77 улуттук долбоорду ишке ашырыбыз керек. Ал өлкөбүздүн өнүгүү багыттарын аныктап, кубаттуулугун артыруудагы мааниси чоң”-деди Темир Сариев.

Жыйындын жүрүшүндө жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлор жана азыркы учурга чейин аткарыла элек долбоорлор ишке ашыруу боюнча тиешелүү министрликтер маалымат берди.

Айыл чарба жана мелориация министрлигинин маалыматында, агро өнөр жай комплекси тармагында 24 долбоор каралса, анын ичинен 36,95 миллион долларга эсептелген 7 долбоор бүткөрүлүп, дагы 7 долбоор ишке ашырылууда.

Ал эми энергетика тармагында 16 долбоор каралса азыркы тапта 563,4 миллион долларга эсептелген 5 долбоор ишке ашырылды, учурда 293, 91 миллион долларлык 11 долбоор ишке ашырылып жатат. Булардын арасында Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу, Бишкек жылуулук борборун модеринизациялоо, Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо сыяктуу долбоорлордун каражаты табылып, тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Транспорт жана коммуникация тармагында 17 долбоор пландалып, учурда 90, 6 миллион долларга эсептелген 5 долбоор аяктады. Ал эми 470 миллион долларга каралган 11 долбоор ишке ашыруу стадиясында. Алардын арасында Тараз-Талас-Суусамыр, Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Баткен-Исфана ж.б жолдорун реаблитациялоо, Түндүк-түштүк альтеративалуу жолун куруу сыяктуу долбоор камтылган.