Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери

Википедия дан

Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери - ардак наам. Кыргыз CСP Жогорку Советинин Президиумунун 1939-жылдан 10-январындагы указы боюнча ыйгарылуучу ардак наам[1]. 1991-жылга чейин берилген.

Жогорку билимдүү музыка, адабият, драматургия, сүрөт, кино жагынан эң жогорку көркөмдүктөгү көрүнүктүү чыгармаларды, спектаклдерди, кинофильмдерди, адабият жана искусство боюнча илимий эмгектерди жараткан искусство тануучуларга, адабиятчыларга, искусство менен адабиятты өнүктүрүүгө, адистерди даярдоого, тарбиялоого айрыкча салым кошкон композиторлорго, сүрөтчүлөргө, театр жана кино режиссёрлорго, дирижёрлорго, драматургдарга, сценаристтерге, кино-операторлорго ж. б. адистерге берилет[1][2].

Бул ; наамды алгачкылардан болуп П. Ф, Шубин, В. Я. Васильев, В. А. Власов, А. Куттубаев, А. Самарин-Волжский, В. Г. Фере, С. А Чуйков, Ш. Орозов ж. б. алышкан[1].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 1.2 Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.
  2. “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9