Кыргыз ССРинин маданиятка эмгек сиңирген кызматкери
Кыргыз ССРинин маданиятка эмгек сиңирген кызматкери - Кыргыз ССР Жогорку советинин Президиумунун 1954-жылдын 30-ноябры, 1968-жылдын 15-майындагы Указы боюнча 15 жылдан кем эмес иштеген физкультура жана спорт, маданият сарайларында, үйлөрүндө, клубдарда иштегендерге, өздүк көркөм чыгармачылыктын катышуучуларына, эл чыгармачылык үйлөрүнүн, газета-журналдардын, басмалардын, китепканалардын, кинематографиянын, окуу жайлардын ж. б. кызматкерлерине берилген.
Бул наам Кыргызстан эгемендүүлүккө чыкканга чейин берилип келген. Кыргыз ССРинин маданиятка эмгек сиңирген ишмери наамы Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жылдын 27-мартындагы Указы боюнча «Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери», «Кыргыз ССРинин маданиятка эмгек сиңирген кызматкери», «Кыргыз ССРинин искусствосу менен адабиятына эмгек сиңирген ишмери» деген наамдардын ордуна көп тармактуу искусство, адабият, кино, театр, басма сөз кино, жогорку музыкалык окуу жайларынын китепкана, спорт жана физкультура, музей, цирк кызматкерлерине, композиторлорго, режиссёрлорго, жазуучуларга, драматургдарга, дирижёрлорго, хормейстерлерге ж. б. көп жылдардан берки ак ниет иштери, улуттук искусствону, адабиятты, маданиятты өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкондуктары үчүн берилүүчү ардак наам.
Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон баштап, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген аталышта Президенттин Указы менен бериле баштады.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.