Кыргыз ССР эл артисти

Википедия дан

Кыргыз ССР эл артисти - ардак наам.

1939-жылдын 10-январындагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен белгиленген. Ал «Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер», «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти» деген наамдарга татыктуу болушкан, улуттук элдик жана профессионалдык көп тармактуу искусствонун өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон ырчыларга, комузчуларга, композиторлорго, драматургдарга, киночуларга, актёрлорго, филармониянын, театрлардын, кино, эстрада, цирк артисттерине, режиссерлоруна ж. б. чеберлерге берилет. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө; чыккан күйдөн тартып бул ардак наам Кыргыз Республикасысынын эл артисти деген аталышта Президенттин указы менен ыйгарылууда.

Кыргыз ССР эл артисти деген наамга К. Орозов, М.Күрөңкеев, М. Мусулманкулов татыктуу болушкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.