Кыргыз Совет энциклопедиясы

Википедия дан

Кыргыз Совет энциклопедиясы — алты томдон турган улуттук универсал энциклопедия (Фр., 1976—80). Мындан тышкары «Кыргыз ССРи» жана «Киргизская ССР» деген атайын томдор, «Кыргыз Совет Энциклопедиясынын көрсөткүчү» сыяктуу 6 томдуктун уландысы да кошо жарык көргөн. Ар бири үч колонка менен басылып, 608—670 беттен турат. Энциклопедиянын томдору 619—684 сүрөт, 12—23 карта, 33—38 баттама же 396—557 түстүү сүрөт, 20—25 түстүү карталар менен кооздолгон. Тиражы 25 000. КСЭни жазууга эл чарба адистери, илимпоздор, жазуучулар, искусство кызматкерлери, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер жана башкалар (450—650 автор) катышкан. Бул улуттук-универсал энциклопедияда илимдин бардык тармактарынан кыскача так кабар берилип эле тим болбостон, кыргыз элинин өткөндөгү тарыхынан, маданиятынан, салт-санаасынан кеңири түшүнүк берген макалалар да бар, анын ичинде элибиздин сыймыгы, маданий байлыгы болгон «Манас» эпосуна, анын бөлүмдөрү «Семетей» менен «Сейтекке» да кеңири орун берилип, ар бир бөлүм жөнүндө өзүнчө макала жазылган. «Манас» эпосу менен «Манас» операсына атайын кара-ак баттама берилген. Ошондой эле манастаануу боюнча маалыматтар да бар. Белгилүү манасчылар: Тыныбек Жапый уулу, Чоюке Өмүр уулу, Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу, Тоголок Молдо, Шапак Рысменде уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу, Жаңыбай Кожек уулу, Акмат Рысменде уулу, Мамбет Чокмор уулу, Дуңкана Кочуке уулу, эпосту жыйнаган жана изилдеген окумуштуулар: С. М. Абрамзон, М. Ауэзов, Ы. Абдыракманов, В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам, Ч. Валиханов, В. М. Жирмунский, Ө. Жакишев, X. Карасаев, А. X. Маргулан, К. Мифтаков, Е. Поливанов, В. В. Радлов, К. Рахматуллин, Т. Сыдыкбеков, Б. Юнусалиев жана башкалар жөнүндө таржымал макалалар берилген. КСЭде, ошондой эле «Манас» эпосуна байланыштуу театр чыгармалары жөнүндө маалыматтар да келтирилген. «Айчүрөк» жана «Манас» операсы, алардагы негизги ролдорду аткарган СССРдин, Кыргыз ССРинин эл артисттерине, эпостун жарык көргөн китептерин көркөмдөгөн же эпостун темасы боюнча иштеген сүрөткерлерге, чыгарма боюнча тартылган сүрөттөргө (Б. Жумабаев, Т. Т. Герцендин сүрөттөрүнө) да орчундуу орун берген. «Манас» эпосуна байланыштуу тартылган даректүү фильмдер («Манасчы» жана башкалар) жөнүндө, ал фильмдердин режиссёр, операторлору жөнүндө маалыматтарды да КСЭнин томдорунан табууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4