Кыргыз Хоккей Федерациясы

Википедия дан

Кыргызстанда хоккей оюнунун тарыхы 1998-жылдан тартып өсө баштаган. 1998-жылы Эркинбек Матыев атындагы фонддун астындагы "Фети-Грет" хоккей клубунун жетекчиси Качыке Бейшен уулу башында турган "Кыргыз Хоккейи" долбоору түзүлгөн. Долбоордун максаты, хоккей оюнун кайрадан жандандыруу, дүйнөлүк аренага алып чыгуу, хоккей инвестициясын тартуу, хоккейчилерди сырткы клубдарга алып чыгуу, НХЛде ойнотууга жетишүү. 2000-жылы Жумгал районунун биринчилиги өткөрүлгөн. Беш команда катышып, "Ардагер" (азыркы "Эркин Фарм") командасы биринчиликке чыккан. 2001-жылдан тартып расмий эмес "Эркинбек Матыев" чемпионаты өткөрүлүүдө. Бул чемпионатта буга чейин 180 оюн ойнолуп, 880 гол катталган. Оюнчулардын жаш курагынын жогорку чеги 50 жашты, төмөнкү чеги 15 жашты түзөт. 2006-жылы Хоккей Федерациясы түзүлүп, аны Нурлан Матыев жетектей баштайт. 2007-жылы бул федерация Адилет министрлигинен каттодон өтүп, төрагалыгына Муратбек Жакыпов дайындалат.

Мыкты Хоккейчилер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2006-жылдан бери Москванын "Химки" дивизионунун оюнчусу Урмат Шамыркано "Тенти Аке"- Каныбек Кулмамбетов, Жаныбек Бегалиев "Эркин Фарм"- Айбек Асанкулов, Бакыт Асанкулов, Рамис Көчкөналиев "Кызыл Жылдыз"- Топчубек Жусуев

"Мыкты оюнчу" наамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Ак Жол"- Айнура Адылбекова

Мыкты коргоочу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Эркин Фарм"- Эдил Момбаев

Мыкты чабуулчу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Дордой-Ала-Тоо"- Алмамбет Күлчүков

Мыкты дарбазачы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Дордой-Ала-Тоо"- Элзар Болот уулу