Кыргыз адабиятынын башаты

Википедия дан

Кыргыз адабиятынын башаты. Байыркы мезгилде кыргыздардын байыркы түрк руна (Орхон-Енисей) жазуусунун кыргыз вариантында жазылган адабияты болгону кеңири белгилүү эместир. Сөз Минусин ойдуңунда, Тува Республикасында, Абакан, Уйбат, Юса жана башка дарыялардын бойлорунда табылган кыргыз ак сөөктөрүнүн бейиттериндеги көп сандаган эстелик жазуулар жөнүндө болуп жатат. Бул эстеликтеги жазуулардын котормосун биринчи жолу В. Радлов басып чыгарган, кийинки басылмалар С. Маловго таандык. «Вестник древней истории» басылмасында жарыяланган С.Киселевдин котормосу анчалык жеткилең чыккан эмес. Бул эстелик жазууларды басып чыгаргандарда жана Чыгыш тарыхчыларынын эң ириси акад. В. В. Бартольддо бул эскерилген тексттердин кыргыздарга таандык экени жөнүндө күмөн болгон эмес. Башка бир окумуштуулар бул маселе боюнча башка көз карашты тутушат. Алсак, профессор К.Юдахин бул эстелик жазуулар жөнүндө мындай деп жазат: «Эгерде тарыхтын болжолдуу маалыматтарына негизденсек жана енисейлик белгилүү жазууларды кыргыздардыкы деп кабыл алсак, анда кыргыз жазуусунун алгачкы эстеликтерин болжол менен биздин замандын VII кылымына таандык кылууга болор эле. Бирок бул эстелик жазууларды азыркы кыргыз тили менен жакындаштыруу үчүн лингвистикалык маалыматтар жок». Бул көз карашты И.Батманов да тутунат, ал байыркы енисейлик эстелик жазуулардын кыргыздардын тили менен байланышы жөнүндө маселе «али биротоло толук чечиле элек» деп билдирет. Енисейлик эстелик жазуулардын кыргыздарга таандык экендигинен лингвисттердин күмөнү бир жагынан туура Чындыгында да, байыркы кыргыз эстелик жазуулары азыркы кыргыз тилинен айырмаланат. Бирок мында кеп эстелик жазуулардын тили — түрк ак сөөктөрүнүн адабий тили болгондугунда турат, бул адабий тил Моңголияда түрк кагандыгында иштелип чыгып, ошол маалда түндүктүн гана эмес, Енисейдин кыргыздарынын, ошондой эле, батышта Жети-Суудагы түрк урууларынын арасында да кеңири тараган. Атап айтканда, Кыргызстанда Талас өрөөнүндө, Беш- Таш өзөнүнө жакын жердеги бейиттерде ошол эле байыркы түрк адабий тилиндеги эстелик жазуулар табылган. Ал гана эмес, Нелди өзөнүндө (Талас өрөөнү) табылган кербен башынын жол көрсөткүч таякчасындагы байыркы түрк руна жазуусунан биз чыгыш түрк вариантынын ошол эле адабий тилин жолуктуруп отурабыз, жергиликтүү диалектилерден айырмаланып, бул адабий тилдин мүнөздүү өзгөчөлүгү — биринчи «ж» нын ордуна «я» жана «й» тамгалары колдонулгандыгында, мындан башка да бир катар фонетикалык өзгөчөлүктөрү бар. VI—VIII кылымдардагы, башкача айтканда биз эскерген Таластагы эстелик жазуулар таандык болгон мезгилдеги батыш түрктөрүнүн, алардын ичинде кыргыздардын да тили, биз атайын эмгегибизде көрсөткөндөй, сөз «ж» менен башталган тил болгон, ал эми адабий тилде биз чыгыш түрктөрүнүн диалектисин байкайбыз. Мына ушулардын бардыгы адабий тилдин фонетикалык өзгөчөлүгү енисейлик эстеликтер кыргыздарга таандык деген жобого каршы далил боло албайт. Адабий тил көп учурда элдик говорлор менен диалектилерди чагылдырбай турганы жакшы белгилүү. Ошондуктан, енисейлик жазууда текст жазылган адабий тил менен кыргыз тилинин байланышын тануу жарабайт. Акырында келип, Енисей эстелик жазуулары кыргыз тилинин түпкү теги болгон эмес деп так кесе айтуу үчүн биз али кыргыз тилинин тарыхын начар билебиз. Атап айтканда, азыркы кыргыз тилинде (кыргыз тилинин вокализми) сөздүн акыркы үнсүз тыбышынын түшүп калышы, жакут тилиндегиге окшоп, азыркы кыргыз тилинин байыркы тил экендигинин жана анын енисейлик эстеликтердин жазуусунан өсүп чыгышы мүмкүн экендигинин далили боло алат. Жакут тили жаатында С. Малов тарабынан көрсөтүлгөн. Тарыхый далилдер жана Енисей эстеликтериндеги жазуулардын өзүнүн мазмуну да алар байыркы кыргыздарга таандык болгонун жетишерлик ишенимдүү ырастап турат. Башка сөз менен айтканда, енисейлик эстелик жазуулардын тексттеринин авторлору кыргыздар болгон жана ал жазуулар ташка сабаттуу чекмечилер тарабынан түшүрүлгөн деп айтса болот. Бул тексттер баяндалган адабий тилге байланыштырбай, Минусин аймагындагы байыркы кыргыздардын эстелик жазууларын байыркы кыргыз адабияты катарында кароо керек. Бейиттеги кыска эстелик жазууларды байыркы адабияттын үлгүсү катарында кароого болобу? — деген суроо туулушу мүмкүн. Биздин көз карашыбызча болот жана ошондой деп каралууга тийиш. Чындыгында да, биз төмөндө буга токтолобуз, Енисейлик эстелик жазуулар өзүндө белгилүү бир баянды камтып турат жана алар көп учурда көркөм формага ээ, аларда образдуулук, салыштыруулар, метафоралар бар, алардын көпчүлүгү уйкаштыктардан турат. Ошентип, иш жүзүндө да, формалдуу түрдө да бизге аларды адабий үлгүлөргө таандык кылууга укук бере турган белгилер бар. Мына ушулардын бардыгы түйүлдүк түрүндө болуп, бейит үстүндөгү эпитафиянын бир түрдүү структурасы менен маталып турат, ошондой болсо да биз мындан адабий чыгармачылыктын түйүлдүгүн көрүп турабыз. Айрым бир үлгүлөрдүн негизинде биз сунуш кылган жобону ырастоого аракеттенип көрөлү. Сыртынан кыргыз эстелик жазуусу бир түрдүү көрүнөт. Ал эки бөлүктөн турат. Биринчисинде маркум тирүүсүндө ээ болгон, бирок «толук убайын көрө албай кеткен» («бюкмадым») байлык, жыргалчылык жөнүндө айтылат. Экинчисинде, ал байлыгынан, туугандарынан «айрылганы» («адырылдым») башкача айтканда өлгөнү, маркумдун социалдык чөйрөсү жөнүндө айтылат.

Бул жагынан мүнөздүү келген Барлык өзөнүндөгү бейиттеги эстелик жазууну кел- тиребиз:

«Тенгридаки кюнка ердаки элимка бюкмадим,

Куйда кунчуйымка озда оглымка адырылдым»

«Теңирдин, күндүн, жерим менен элимдин убайын көрбөй кеттим,

Кунчуюмдан (канышамдан), уулдарымдан айрылдым».

Бирок мындай эстелик жазуулардын ичинде адабий образга атаандаштык кыла ала турган айрым саптар бар. Буга мүнөздүү төмөнкү мисалды алып көрөлү: «алтунлыг кюмюшлиг элим — менен алтын-күмүштөй элим», «Тенгри эль — теңир эли», «Тенгридаки күнгө, ердаки элимка бюкмадым — мен асмандагы күндүн, жердеги элимдин убайын көрбөй кеттим». Башка бир текстте ааламдын элеси тартылат: «Көк теңгрида күн ай эрима ета сизима адырылдым — көк асмандагы күн менен айдан, жеримден, силерден айрылдым». Мындай мисалдарды көп келтирсе болот: алар сейрек эмес. Келтирилген мисалдар авторлор текстти белгилүү бир адабий түргө келтирүүгө умтулганын жетишерлик ачык айтып турат. Мындай умтулуу нерсени өтө жасалгалап көрсөтүү ыгы менен гана чектелип калбайт. Айрым эстеликтерден биз мифтен, эпостон алынган эпикалык архаизмдин изин сактап калган цитаталар сыяктанган саптарды жолуктурабыз. Мисалы, Алтын-Көл эстелик жазуусу ушундай. Мында маркумдун урук-тукуму барс менен салыштырылат, маркум өзү күчтүү, көзгө атар мерген, эр жүрөк, элинин салтын ыйык туткан адам катары мүнөздөлөт. Акыркы сыпаты текстте келтирилген төмөнкү макал менен ырасталат: «Инилиг бори уча, барс — адырымай итю — инилери бар бөрү аларды таштай качып кутулат, барс эчкимди таштап кетпес». Айтмакчы, бул эстелик жазуу — кыргыз адабиятында чагылып калган эң байыркы макал экенин белгилейбиз. Маркум өз элинин көп сандаган душмандары менен болгон салгылаштарда курман болгон баатыр катарында мүнөздөлөт, анын өз уругу болшарга байлык алып келгени эс- керилет. Алтын-Көл эстелик жазуусу маркумду баатыр катарында айтат. Белгилеп кете турган нерсе, Алтын-Көл эстелик жазуусу өзүнүн адабий насили менен айырмаланып, башка тексттерден сөздөрүнүн оригиналдуулугу, сүйлөмдөрдүн түзүлүшү жана сюжети жагынан өзгөчөлөнүп турат. Алтын-Көл эстелик жазуусу — эпикалык баяндын ачык үлгүсү. Кызык нерсе, Алтын-Көл эстелик жазуусу бул текстте Тибетке барган элчилилик жөнүндөгү конкреттүү тарыхый окуя эскерилгендиктен, кыргыздар Тибет менен байланышта болуп турган VIII к.дын экинчи жарымына таандык кылынышы мүмкүн. Мындан эртерээктеги мезгилге таандык болушу да ыктымал. Алтын-Көл эстелик жазуусу — анын датасы же ары же бери кеткенине карабай, эпикалык мүнөздөгү эң байыркы текст, ал «кенже адабияттын» же «ата-бабалардын керээзи» — макалдардын байыркы элдик түрү болуп саналат. Ушул көз караштан алганда Болшар уруусунун башчысы Эренг-Улугдун урматына коюлган Алтын-Көл эстелик жазуусу кыргыз адабиятынын тарыхчысы үчүн өтө кызыгарлык табылга. Байыркы кыргыз эстелик жазууларында метафора сыяктуу адабий элементтер да жок эмес. Бул жагдайда төрт аяктуу жана сегиз аяктуу — «төрт адаклыг, сегиз адаклыг» малды эскерген фраза Мүнөздүү келет. Атайын илимий адабиятта мурда көрсөтүлгөндөй, «сегиз адаклыг» дегенибиз — метафоралык образ. Ал метафора чыгыш адабиятында жылкынын күлүктүк сапатын гиперболалык түрдө сүрөттөөдө колдонулат. Акырында келип, авторлордун жалпы стилистикалык ыктарын белгилей кетебиз. Дээрлик бүт бардык тексттердин уйкаштыктардан турарын ишенимдүү түрдө айтууга болот. Байыркы түрк тексттери уйкаштыктардан турарын биз Моңголияда табылган байыркы түрк эстеликтери жөнүндө жазган өз эмгектерибизде белгилегенбиз. Күл- Тегиндин урматына коюлган эстеликтеги байыркы түрк жазуусундагы айрым уйкаштыктарга Ф. Корш өзүнүн «Древнейший народный стих турецких племен» деген макаласында көңүл буруп кеткен. Ырасында да, эгерде байыркы кыргыз эстелик жазууларынын саптарын тийиштүү түрдө жайгаштыра турган болсок, алар бүт бойдон уйкаштыктардан турган болуп чыгат. Мындагы ар бир фраза так, жоокерлик буйрук стилинде түзүлгөн, бирок, айрым бир учурларда лирикалык маанайдагы саптар да учурабай койбойт. Мүнөздүү бир нерсе, X к. автору Абу Долеф «кыргыздарда кыраат менен айтылчу сөздөрү бар, алар аны табынуу учурунда пайдаланышат» деп белгилеген. Ырлардын уйкаштыгы ар түрдүү келет. «Манас» эпосундагыга окшош жети муундуу жана сегиз муундуу ырлар учурайт. Айрым жазуу эстеликтеринде уйкаштыктар менен бирге жалпы ыргактан чыгып, ырдын силлабикалуу болуп көрүнгөнсүгөн ыраатын бузган саптар учурайт. Ф. Корш өтө байыркы («түбү түрк») жети муундуу ыр азыркы кыргыздарга мүнөздүү экенин, ал эми байыркы кыргыздардын мекенинде жашаган азыркы тургундары (абакандыктар, карагастар) үчүн ырдын бул формасы белгисиз экенин белгилейт. Кошумчалап кете турган нерсе, Ф. Корш энклитиканы азыркы кыргыз ырынын мүнөздүү белгиси катары карайт. Энклитика байыркы кыргыз эпитафиясына да мүнөздүү. Ички уйкаштыктары бар эстелик жазуулар байкалат, аллитерациянын издери да бар. Кээде толук бир сап менен жалгыз бир татаал сөздүн уйкашканы да мүнөздүү келет. Ысымын айтып жеке кайрылуу адатта ырдагы уйкаштыкка кирбейт. Енисейдеги эстелик жазуулар Моңголиянын байыркы түрк эстелик жазууларынан өзүнүн түзүлүшү да, тили жана мазмуну боюнча да айырмаланат. Алар өзүнүн жергиликтүү мүнөзү ачык байкалып турган жазылышы жана бир кыйла архаикалык белгилери менен да айырмаланат. Изилдөөчүлөр мурда эле көрсөтүшкөндөй, енисейлик эстелик жазуулар VII кылымдын орто ченинде, а мүмкүн экинчи жарымына таандык кылынса, ошол эле убакта, бирөөнү кошпогондо, моңгол эстелик жазуулары VIII кылымга жакын ченден эрте эмес мезгилге таандык кылынып жүрөт. Экинчиден, енисейлик эстелик жазуулар палеографиялык жана стилистикалык жагынан таластык тексттер менен бир кыйла жакын байланышта турат жана Моңголиянын байыркы түрк эстеликтеринен айырмаланып, аны менен бир бүтүн топту түзүп тургансыйт. Бул көрүнүш Енисей кыргыздарынын ошол байыркы доордогу Жети-Суу уруулары менен болгон байланышы аркылуу түшүндүрүлөт, бул жөнүндө тарыхчыда жетишерлик маалыматтар бар. Енисейдеги алда канча эртерээктеги эстелик Бегре эстелик жазуусу. Анын сюжетине карап датасын да так белгилөөгө бөлөт. Бул текст, Радлов боюнча, 648-жылга таандык. Төрапа Ичракинин урматына коюлган бул эстелик жагуу (648) кыргыз элинин датасы белгилүү болгон алда канча байыркы. адабий тексти жана СССР элдеринин эң байыркы адабий тексттеринин бири болуп саналат.

Мен — Төр-апа Ичракимин.

Жыйырма беш жашымда ага,

ини Канышамдан айрылып, муңга баттым!

Мен силерди, ай, күнүмдү көрбөс болдум

Үч оглумдан айрылып,

Убайларын көрбөй кеттим Кайрат кылгыла!

Сегиз аяк тулпар минип,

Узак жолдо көп жортуулдадым

Кантейин, эми ал да бүттү!

Жеримден, ичер суумдан айрылдым

Будунумдан, үй-бүлөмөн, кадаштардан айрылып

Кайгы менен кеттим силерден,

Элим, ханым менен бирге ыракаттанып,

Көрөр күнүм калбады!

Ошондуктан өзүмө эстелик орнотуп, кеттим азып.

Кайын журтумдан, байлыгымдан, Эштеримден айрылдым

Жыйырмы беш жашымда табгач ханына бардым!

Эрлерим үчүн алтын, күмүш келтирдим,

Элиме күч-кубат коштум.

Жети бөрү өлтүрдүм,

Барс, көкмөккө кол барбады!

Келтирилген тексттерден көрүнүп тургандай, эстелик жазуу уйкаштыктардан турган ырга окшошуп кетет. Ырдын түзүлүшү эстелик жазуунун милдетине жооп берет, бир жагынан, ал лирикалуу да, экинчи жагынан, патетиканы сактоо менен, тигил дүйнөгө кетип жаткан маркум баатыр Төрапа Ичракинин атынан жаратылыш, жашоо-турмуш, үй-бүлө, мамлекет жана кошуун менен коштошуу сөздөрү билдирилет. Дагы бир эстелик жазуу Енисей кыргыздарында жомокчу-акындардын бар болгонун билдирген кызыктуу габарды камтып турат. Алсак, Уюк Архандагы эстеликтеги уйкаштык менен берилген жазууда акын жөнүндө эскерилип, эстелик жазуу акындын өз атынан айтылган. Ал текст төмөнкүчө:

«Беш матыбыз,

шадымыз,

Элим Чэндем адырылдым!

Эр эрдемим

Эбимиз ачда бен!

Эр эрдемим акун

Эр атым Яш Акун бен!»

Биз мында аллитерация менен катар калган башка эстелик жазуулардагыдан айырмаланып, өзгөчөлүү уйкаштыкты байкайбыз. Ыр азыркы акын жомокчулардын баяндоо манерасына бир кыйла эле жакын (айрыкча кенже эпос «Мендирманды» айтканга), мында уйкаш саптан кийин уйкаш эмес сап кетет, муну, биз жогоруда белгилегендей, Ф. Корш кыргыз ырынын мүнөздүү белгиси деп эсептейт. Сөзмө-сөз которгондо текст төмөнкүчө айтылат

Беш азаматтан,

Шадыбыздан,

Чэне элимден

Айрылдым

Үйүм Ачда еди

Айтылуу акынмын мен,

Жаш Акын — ардак атым менин!

Эстелик жазуулар атактуу адамдардын бейиттерине гана коюлаарын эске алсак, элдик ырчынын бейитине коюлган эстелик маркумдун чоң акын экенинен кабар берет, байыркы замандарда кыргыздарда акындар чоң урматка ээ болушкан. Байыркы кыргыз эстелик жазуусунда «акун» деген сөз турганын белгилеп кетемин, ал мыйзам ченемдүү түрдө азыркы кыргыз тилиндеги, ошондой эле башка түрк тилдериндеги да «акын» деген формага өткөн; бул, мисалы, «катун» сөзүнүн азыркыча «катын» формасына өткөнүнө окшош. Келтирилген мисалдар стилистика жагындагы да, мазмун жагындагы да бардык мүмкүнчүлүктөрдү ачып көрсөтүп берди дегенден алыспыз. Азырынча филологдордун, лингвисттер менен тарыхчылардын изилдөөлөрүнүн предмети гана болгон бул тексттер адабият таануучунун изилдөөсүнүн предмети да болорунда шек жок. Буга бардык байыркы кыргыз тексттерин басып чыгаруу жардам бере алмакчы. Бирок, биздин көз карашыбызча, жогоруда келтирилгендер кыргыз адабиятынын тарыхын енисейлик эстелик жазуулардан, атап айтканда, Бегренин текстинен — 648- жылдан баштоо керек деп айтууга толук жетиштүү боло алат. Биз макалыбызды төмөнкүдөй корутунду менен аяктамакчыбыз: Орхон түрктөрүнүн адабий тилинин таасири астында түзүлгөн, байыркы түрк тилинде жазылган Енисейдеги байыркы кыргыз эстелик жазуулары адабий образдарды, метафораларды, эпикалык цитаталарды, адабий гиперболаларды камтып турат, башкача айтканда алардан адабий стилистиканын изи ачык эле байкалат. Байыркы кыргыз тексттеринин уйкаштыктардан турары шексиз, ал эми алардын бир бөлүгү түзүлүшү жана сюжети боюнча эпоско окшош келет. Мына ушул корутундулардын негизинде енисейлик эпитафияларды кыргыз адабиятынын эң байыркы үлгүсү катарында кароо керек.