Кыргыз академиялык симфониялык оркестри

Википедия дан

Кыргыз академиялык симфониялык оркестри А. Жумакматов атындагы — музыкалык коллектив. 1969-ж. башында алгач 28 музыканттан турган камералык оркестр түзүлгөн, 1969жылдын декабрында Кыргыз ССР телерадиокомитетинин алдында Министрлер Советинин чечими менен курамы 46 музыканттан турган симфониялык оркестр уюшулган. Көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру А. Жумакматов (2008-ж. чейин) болгон. 1970-жылдын 9-февралында оркестрдин тушоо кесүү концерти өткөрүлүп, комп. М. Абдраев, К. Молдобасанов, А. Жаныбеков, М. Бурштин, А. Мурзабаев жана башкалардын чыгармалары аткарылган. Оркестр кыргыз обончуларынын, композиторлорунун ырларынан тартып, көлөмдүү симфониялык чыгармаларга чейин КР телерадиокорпорациясынын алтын казынасына жаздырган. Азыркы күндө оркестр КМШ өлкөлөрүндөгү мыкты оркестрлердин катарында. Оркестрдин коштоосунда кыргыздын атактуу ырчылары гана эмес, СССР эл артисти Е. Образцова, Е. Нестеренко, И. Архипова, Т. Куузик жана башка да ырдашкан, белгилүү дирижёрлор Е. Светланов, А. Журайтис, Б. Хайкин, Ю. Домаркос, Ю. Темирканов жана башка дирижёрлук кылган жана А. Хохлов, И. Машкевич, А. Георгиев, Ж. Каныметов, Н. Рысалиев, Р. Осмоналиев жана башка музыканттар да иштешкен. 2004-ж. оркестрге А. Жумакматовдун ысмы берилген. 2008-жылдан азыркы КР Мадабият жана туризм министрлигине караштуу, башкы дирижёру — Р. Осмоналиев.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]