Кыргыз балдар фольклору

Википедия дан

Кыргыз балдар фольклору. Балдар чыгармаларынын репертуары өтө бай, көп түрдүү. Балдар фольклорун салттуу фольклордон ажыратып кароо кыйын. Ар бир жанр балдардын табиятына жараша өзгөрүүгө дуушар болгон. Чоңдордун чыгармалары балдар тарабынан кайра айтылып, кээ бир жанрлар чыгармачылык менен кайра иштелип, балдардын репертуарларына өтүп, башкача айтканда көркөм поэтикалык булактар чоңдордун чөйрөсүнөн балдардын чөйрөсүнө көчүп, «балдар фольклору» деген түшүнүктүн, терминдин, илимий проблеманын пайда болушун шарттаган. Бул — көп убакытты, татаал диалектиканы, кайрадан маани берүүнү, түшүнүүнү талап кылган процесс. Мисалы, эпостордо кезиккен сыйкырдуу бойго бүтүү, баласыз атанын балалуу болушу туурасындагы сюжет, мотив балдар жомокторунан орун алган. Балдар фольклору кыргыз оозеки чыглыгынан алган орду, генетикалык өсүп-өнүгүү жолу, жанрдык курамы бар, өзүнө мүнөздүү касиет-сапатка ээ. Кыргыз балдар фольклору тарыхыйгенетикалык, поэтикалык чыгарманын жанрдык курамын, поэтикасын, генезисин, өнүгүү шарттарын изилдөө максатында балдар фольклорун классификациялоо иши жүргөн. Кыргыз балдар фольклорун изилдөө тарыхына көңүл буруп, фолькпористика илиминин бай тажрыйбасын, методол. принциптерин эске алуу менен тарыхый-генетикалык, жаш өзгөчөлүк жана аткарган кызматы боюнча төмөнкүдөй классификацияланат: 1) жаш балдарга арналган поэтикалык чыгармалар; 2) чоңдор тарабынан жаралып, балдардын чыгармасына айланган чыгармалар; 3) балдар оюндары. Бул үч чоң топтун биринчи тобуна балдар ырлары кирет. Балдар ырлары жаш өзгөчөлүгүнө, аткарган кызматына, маанисине карай экиге бөлүнөт. Наристе бөбөктөргө арналган ырлар, буга 1) алкыш, бата (жаңы төрөлгөн наристеге багышталган); 2) бешик ыры; 3) эркелетүү, сооротуу, оюн ырлары; 4) балдардын жаман жоруктарын жоюу максатында айтылган чымчыкейлер. Тестиер балдардын ырларына 1) акыйнек айтышуу; 2) жаныбарларга, жаратылыш кубулуштарына, жыл мезгилдерине карата чыгарылган (календарлык) жана балдардын тилегин, учкул кыялын чагылдырган ырлар; 3) Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги балдар ырлары; 4) боз балдардын ашыктык ырлары кирет. Экинчи топко 1) жомоктор; 2) эпикалык чыгармалар; 3) калптар; 4) макал-лакаптар. Үчүнчү топтогу балдар оюндары экиге бөлүнөт: 1) сөз менен коштолуучу оюндарга табышмак, жаңылмач, оюн ырлары; 2) кыймылдуу оюндарга балдардын дене боюн өстүрүүчү, калыптандыруучу, ден соолугун чыңдоочу оюндар кирет. Кыргыз балдар фольклорунун жанрдык курамын поэтикасын, генезисин, өнүгүү шарттарын М. Түлөгабылов, М. Сулайманов, Г. Орозова, А. Саттарова жана башкалар изилдеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]