Кыргыз кара сөзүнүн тарыхы

Википедия дан

Кыргыз кара сөзүнүн тарыхы. В. Гумбольдттун жолун улантуучулардын бири А. Потебнянын минтип жазган: “Баланын жигит болгон мезгилин баланча сааттан башталды деп айтыш кыйын болгондой эле прозанын башталышын да так көрсөтө коюу өтө татаал. Прозанын эң алгачкы ирет кагаз бетине түшүрүлүшүн анын пайда болуп, жаралган учуру деп эсептөөгө болбойт, ал алда канча мурда эле оозеки түрүндө жашап келген”. Чыгыш жана Батыш адабияттарына таандык көптөгөн материалдарынын негизинде кара сөздүн жаралышына уютку болуп бере ала турган прозалык жанрлар элдик оозеки чыгармачылыкта өтө эле көп жашап келгендигин XX кылымдын экинчи жарымында ондогон фольклорчу жана адабиятчылар тарыхый-теориялык пландагы эмгектеринде аныкташтылар. Бул прозалык жанрлар кыргыз фольклорунда мифтер, кереметтүү жомоктор, байлоо, дарымдар жана башка ушундай сыяктуу Кыргыз эл оозеки чыгармачылыгында дарымдардын бир нече түрлөрү сакталып калган. Алардын айрымдары чарбалык иш мүнөздө болсо (тели, тилек), кээ бирлери элдик дарылоо, эмдөө мүнөзүндө (байлоо, дарымдоо, бакшылардын зикири). Булар алгачкы доордон тартып мусулман динин кабыл алган мезгилге чейин адамдарынын турмушунда сөз тутуму ыр, ыргак формасында да, кара сөз түрүндө да колдонула берген. Дарымдар, байлоо, бакшылардын зикири гносеологиялык табияты боюнча мифтерге жакын турат. Балким ушул себептен, алар ушул күнгө чейин фольклористтик аспекте эмес, философиялык, атеисттик, этнографиялык көз караштан изилденип келет. Эми кыргыз кара сөзүнүн башатын иликтеп жатканда оозеки чыгармачылыктагы мифтерди өзгөчө көңүлгө алуу керек. Грек тилинен которгондо “миф”- “сөз, сүйлөө, баян, тамсил, аңыз ” дегенди билдирет. Ал эми кыргыз фольклорунда мифологиялык катмардын кенендигин XIX кылымдын орто чениндеги белгилүү изилдөөчүлөр Ч. Валиханов, В. Радлов, Ф. Поярковдордун алгачкы изилдөө, жыйноолорунан эле билебиз. Арийне, кыргыз мифтери тарыхый, социалдык-маданий шарттардын айынан Чыгыш жана Батыштын байыркы элдердин мифологиясынын классикалык стадиясына өсүп жете алган эмес. Сан жагынан да алып караганда азыраак, түзүлүшү жагынан да анчалык деле татаал эмес болгон. Кыргыздын мифтерине мисал келтире турган болсок, ата-бабалардын тотемдери (Мүйүздүү Бугу Эне, Кайып же Кайберен, Жагалмай, Бөрү, Кызыл ит, Сары ит жана башка), табият культу (Жер, Суу), космогониялык (Күн, Ай, Үркөрдүн кызы, Үч аркар, Жетиген, Алтын казык, Саманчынын жолу жана башка) жана календарлык (элдик календарь боюнча жылдын он эки айы тең жан-жаныбарлардын аттары тууралуу) мифтер. Ошондой эле кыргыздардын өздөрүнүн келип чыгышы, уруу, уруктарынын түпкү тектери тууралуу мифтер. Бул жерде мифтерге атайын токтолуунун кереги жок, бул сапар болгону мифти - өз алдынча баяндагыч жанр катары карадык. Ошентип, миф, болумуш, уламыш, легенда, санжыра – баары тең же байыркы же берээктеги окуялар жөнүндөгү оозеки баяндамалар. Демек, бул жанрларды бириктирип турган жалпы касиет – алардын аткарылуу ыкмасы – кара сөз түрүндө оозеки баяндалышы. Макаланын башында А. Потебнянын сөздөрүн эске салуу менен бирге кыргыздарда кара сөз болгон деп өкүмдүү түрдө айта алабыз. Анын үстүнө, Октябрь революциясына чейин кыргыздардын оозеки прозасы жогоруда сөз болгон жанрлар менен эле чектелбейт. Прозанын бул жерде сөзгө алынбаган дагы эң бай катмарлары, топтору бар. Аларга биринчи кезекте жомоктор (алардын өзүнчө жанрлары жана түрлөрү бар эмеспи) жана башатында таздарга, Апенди, Алдар көсө, Жеренчечеченге байланыштуу пайда болуп, кийин соңунда Жоошбай, Куйручук, Бекназар, Көкөтөй сыяктуу таланттардын аракети менен өзүнчө чоң өнөрдүн деңгээлине өсүп жеткен күлкүлүү аңгемелер жана чечен сөздөр кирет. Бул жанрлар, албетте, өзүнчө сөз кылууга арзыйт.