Кыргыз качкындарын жайгаштыруу боюнча атайын комиссия

Википедия дан

Кыргыз качкындарын жайгаштыруу боюнча атайын комиссия — 1916-жылы Кытайга качкан кыргыздарды өз жерине кайтарып, аларды жайгаштыруу максатында 1918-жылдары Жети-Суу областында уюштурулган комиссия. Анын төрагалыгына Т. Жанузаков дайындалган. Комиссия качкындарды өз жерине кайтаруу үчүн Кытай мамлекети менен сүйлөшүү жүргүзүп, элине кайткандарга үй-жайын, чарбасын калыбына келтирүүгө көмөктөшүп, жер бөлүп берип, мал, акча, үрөн ж. б. менен камсыз кылган. Ал 1927-жылдын аягында жоюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]