Кыргыз лексикографиясынын тарыхы

Википедия дан

Азыркы кыргыз лексикографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Советтик Россиянын тутумунда 1924-жылы "автономиялык область", 1926- жылы " автономиялык республика" ал эми 1936-жылы "союздук республика" деп аталып, кыргыздар дүйнөлүк өркөнияттын( цивилизациянын ) казанында кандай баштап, саясий - экономикалык жана маданий өнүгүүлөрдү баштан кечирип , кыргыз тили өзүнүн гезитине, басма сөзүнө ээ болду. Расмий алфавитти түзүлүп, жазуу маданияты өнүнүп , башка тилдерди үйрөнүп билүүнүн , өздөштүрүүнүн даңгыр жолуна түшүп, кыргыз эли дүйнөдөгү өнүккөн тилдердин сөздөрүн өз тилине которуп алуу мүмкүнчүлугүнө жетишти . Мына ушундай шарт биринчи кезекте котормо сөздүктөрдүн жаралыш зарылчылыгына алып келген.

     Ошентип , азыркы кыргыз тилинин лексикографиясына өзүнүн расмий өнүгүү тарыхынын башатын 20- кылымдан баштап , анын лексикасынын жыйналышы , иреттелиши  жана алгачкы төл сөздүктөрүнүн жаралышы да 20-кылымдын 30-40-жылдарына туура келет.  Азыркы кыргыз лексикографиясынын калыптана башташына кыргыз эли  баштан кечирген тарыхый шарт, башкача айтканда , СССРдин тутумунда туруп , Кыргызстандын адегенде автономиялык область, анан автономиялык республика , кийин союздук республика болуп түзүлүшүгүн жана салттуу жазууга ээ болушунун таасири чоң .