Кыргыз мамлекеттик куурчак театры

Википедия дан

Кыргыз мамлекеттик куурчак театры М. Жангазиев атындагы — республикадагы профессионал театр. 1938-жылы Фрунзеде уюштурулган. Туңгуч уюштуруучусу жана көркөм жетекчиси — М. Волкова (1939—45). Адегенде орус труппасы, 1948-жылы кыргыз труппасы түзүлгөн. Алгачкы спектаклдери эл жомокторунун негизинде коюлган: «Түлкү сиңдим» (иштеп чыккан Войденова), «Чет өлкөлүк Петрушка» (С. Маршак), «Зарлык менен Дөө» (О. Сарбагышев), «Таластык мерген» (К. Эшмамбетов, В. Швембергер) ж. б. 1945-жылы режиссёр В. Швембергер антифашисттик мазмундагы өзүнүн «Жээктеги бороон», «Партизан токоюнун жомоктору», «Кичинекей партизандын энеси» ж. б. спектаклдерин койгон. Кыргыз труппасында «Баатыр бала» (А. Алдашев), «Туткун Каныш» (А. Көбөгөнов, Н. Медведкина), «Куйручуктун күлкүсү» (К. Бектенов), «Жоронун жоруктары» (М. Тойбаев) ж. б. коюлган. Театр Ташкентте өткөн Орто Азия республикалары менен Казакстан фестивалынын (1975) лауреаты жана Бүткүл союздук куурчак театрларынын Москвада өткөн 12-фестивалынын (1976) дипломанты. Өз спектаклдери менен балдар арасында тарбиялык иштерди жүргүзгөндүгү үчүн 2008-жылы жана 2009-жылы республиканынын мыкты театры деген наамга ээ болгон. Директорлору: Т. Эремжанов (1945—49), Козубеков (1950—53), Н. Проскурин (1953—57), С. Зорина (1958—67), Е. Морозова (1967—74), К. Саскеев (1975—77), Б. Карасаев (1977—81), К. Алиев (1981—2006), И. Өмүралиев (2006—07), орто Айдаров (2007), 2007-жылдан Т. Сманбеков.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]