Мазмунга өтүү

Кыргыз табыпчылыгы

Википедия дан

Кыргыз элинде элдик дарыгерчилик кеңири колдонулган. Элдик дарыгерлер табып, сыныкчы, дарымчы, картыкчы, куучу, бүбү-бакшы ж.б. деп аталышкан. Организмди мыкты билип, адамдын денесинде 62 муун, 92 жуун, 30 омуртка, 40 кабырга, 360 эт тамыр, 440 сөөк тамыр бар деп эсептешкен. Айрым ооруларды сезгендирип (ташты, темирди ысытып, устуне дары суу сээп оозду тосуп) айыктырышкан. Сыныкчылар чыккан буту-колду ордуна салып, сөөк сынганда, тарамыш чоюлганда туз бутсун учуй шакшак коюп тацышкан. Картыкчылар денедеги ашыкча, бузук канды уйдун муйузунен жасалган картык менен чегип алышкан. Бузук канды устара менен чегип алган чебер табыптар да болгон. Кээде сулук курт менен сордурушкан. Тинтүү деген аспап менен денеге кирген окту алып чыгышкан. Айрым кеселдерди ак дары (жыландын кургатылган эти), кайберендердин органдары (боору, ету ж.б.), мумие сыяктуу минералдык заттар менен дарылашкан. Оорулууну кээде жаңы союлган кара кочкордун (тайдын) терисине орошкон. Жаратка кийиз куйгузуп басышкан. Ал эми төрөгөн келинди кара басканда куучулар чакырылган. Кыргыз табыпчылыгы миндеген жылдардагы тажрыйбадан улам алгылыктуу жана туура ыкмаларды колдонгондугун Бишкектеги №1 төрөт үйүнүн патология бөлүмүнүн башчысы Кенжебаева Тамаранын төмөнкү интервюсу дагы тастыктап турат. «Илгерки апаларыбыздын акылдуулугуна таазим кылгым келет. Дегеним, илгери боз уйдун так ортосуна бакан коюлуп, кош бойлуу аял ошол баканды кармап, тикесинен тик туруп төрөчү. Төрөлгөн бала травмага учурабоо учун алдына саман төшөлчү. А төрөгөн соң саманды өрттөп ж

жиберүшчу. Анан кийиздин учөрттөттеп туруп, кыгын ын баланын киндигине басышчу. Мындай жол баланын киндигин дезинфекция кылганга абдаңгайлуу уу болуп, киндиктүстү ту тез карттанып, тез айыкчу. Мына эми так ушөңдүү уөрөтүү жу жолуүйнөлүк ук см- маттык сактоо уюму сунуш кылууда» (ңыацы кылым» гезити, №1, 12-01.2007).

Азыркы учурда

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз табыптары дартты адамдын тамырын кармап, анын кагышына карата аныкташкан. Ооруну ысык, суук деп бөлүшкөн. Экөөнүн (ысык менен сууктун) аралашып кеткенин да билип, аны чарбысын деп аташкан. Денесинде уюган кан болгон адам дайыма үшүп жүрөрүн билишкен. Кыргыз табыпчылыгында кымызды эзелтеден эле ич катканда жана ич өткөндө колдонгон. Чала ачыган кымыз ичти айдайт, күчтүү ачыганы ич өткөктү басат. Кымыз улуттук суусундук эле эмес далай ооруларга шыпаа, дартка даба болгон. Уркер баткыча бээнин сүтүнүн дарылык касиети кучтуу болоорун билишкен. Кымыз адам организмин чындап, куч-кубат берет. Кымызды бир нече турге бөлүшкөн. Жаңы тууган бээнин кымызы - ууз кымыз деп аталып коюу болсо, жаңы ачый баштаганы саамал, ал эми чептун мууну каткан кездегиси - сары кымыз аталган. Саамал кымыздын дарылык касиетин байыртадан эле билишкен. Ал эми ачыган кымызды сергитуучу суусундук катары ичишкен. Кузгу кымызды сөөктөтөт деп сактанып аз-аздан ичишкен. Кымыздын дарылык касиети күчтүү болуп, аны кургак учук, боор, нерв, ашказан, ич өткөк, кан басымы, жүрөк, талма ж.б. ооруларга пайдаланышкан. Окумуштуулар кымыз зат алмашуу процессинде катализатор катары кызмат кылаарын айтышат. Орус дарыгери И.В.Даль кымызды цинга оорусуна дары деген. Кымыз жылкы терисинен жасалган сабада ачытылган. Эчки терисинен жасалган чаначта сакталган. Дарылык касиети 1сучтуу болсун учун сабага казы, ак ко дол да салышкан. Сабаны 10-15 кунде тазалап, табылгынын тутунуне ыштап турушкан. Бишкек менен абдан бышып, сапырып ичкен кымыз абдан күчтүү болорун билишкен. Угут (ендурулген буудай) менен да ар кандай кеселдерди дарылашкан. Демек, бозо улуттук суусундук гана эмес, дарылык касиети да бар тамак. Кыргыз табыптары чептердун (адырашман, мамыры, ак кодол, уу коргошун, жалбыз ж.б.) дарылык касиеттерин жакшы билишкен.[1]

Аларды ар кандай ооруларды айыктырууга пайдаланышкан. Жай чилде башталганга чейин (жайкы кун токтогонго чейин) терилген чөптөр кубаттуу, жетилген деп эсептелет. Дары-дармек чөптүн көбүнчө эртең менен жана кечинде жыйнашкан. Күндүз, айрыкча түштө жыйналган чептер эч кандай дарылык касиетке ээ болбосун билишкен. Көлөкөдө кургатышкан. Алдан бири-бирине белгилүү өлчөмдө кошуп суюк, кургак дары жасашкан. Кээсин кайнатып ичирсе, кээси менен адамды киринткен, буулаган маданият менен тыгыз байланышта болуп, анын табигый сырларын мыкты өздөштүрүшкөн. Табияттан энергия алып, анын күчтөрүн пайдалана алган. Азыркы трансценденттик медитацияны алар алда качан эле билишкени тууралуу маалыматтар бар. Аны сукут чалуу дешкен. Теменде элден угуп журген айрым гана дарылоо ыкмаларын жаздым.[2]

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]