Кыргыз тайганы

Википедия дан

Кыргыз тайганы — аңчылыкта пайдаланылуучу ит тукуму. Тайган Борбордук Азиядагы жергиликтүү иттердин эң байыркы тукуму, жытчыл, жойчул, көрөгөч жана күлүк келет. Кыргызстандын аймагында тайгандарды байыртадан эле кармап келишкен. Кыргыздардын ата-бабалары сүрөттөгөндөй ыргыз тайганы кызыл көздүү, куйругунун учу чагарак, өңү куу, сур, көк ж. б. Ошондой эле кылыч сындуу, оңой бүгүлгөн куйруктуу тайгандар (таз тайган) да бар. Дөбөтүнүн бийиктиги 60—70 см, канчыгы 55—65 см. Кыргыз тайганы аркар, тоо эчки, элик, карышкыр, түлкү, коён ж. б. аңга агытылган. Элдик аңыз кептерде аюуга, жолборско кол салган тайгандардын болгондугу тууралуу маалыматтар айтылат. Б. Солтоноев «Кызыл кыргыз тарыхы» эмгегинде 1840—50-жылдары бугу кыргызы Балбай Эшкожо уулунун Актаман аттуу тайганы жолборс алганын жазса, окумуштуу, профессор А. Алдашев: «Кыргыз тайганынын өтө келишимдүү, баш сөөгү бекем, тикирейген кыска кулагы, узун шыйрактары, кең көкүрөгү, ичине тартылып турган курсагы, орто узундуктагы сыртына карай ийрилип турган куйругу, кыска тыбыт жүнү менен өзгөчөлөнүшү аталган тукумдун ойноктугунун жана күлүктүгүнүн белгиси»,— дейт. Кыргыз тайганы үрүү адатынын жоктугу, көзүнүн кызарып турушу, тайманбастыгы, жалгыз аңчылыкка чыгышы менен айырмаланат. 20-кылымда тийиштүү көңүл бөлүнбөгөндүк кыргыз тайганынын тукумунун азайышына шарт түзгөн. Кинолог Р. Д. Айталиев Байтик айлында өз демилгеси менен тайганды кайра жаратуу борборун түзүп, таза кандуу кыргыз тайганын калыбына келтирүү жана көбөйтүү иштерин жүргүзүүдө. Р. Айталиев.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[[Категория:Сүт эмүүчүлөр тайган ]]