Кыргыз тилинин тарыхы

Википедия дан

Кыргыз тилинин тарыхы. «Кыргыз тили» деген жалпы түшүнүктүн мазмунун анын жеке өзүнүн азыркы мезгилдеги грамматика-лексикалык өзгөчөлүктөрү гана түзбөстөн, анын алыскы жана жакынкы тектеш түрк тилдерине бирдей мүнөздөгү өзгөчөлүктөрү түзөт. Анткени тилибиздин пайда болуп жана кылымдар бою өркүндөп жашап келиши да бирдей болбостон, ички жана сырткы таасирлердин натыйжасында өзүнүн негизги грамматикалык белгилерин сактап калуу менен бирге лексика байлыгы улам арбып, грамматикалык айрым бир кубулуштары өзгөрүүгө дуушарланган. Дагы бир белгилөөчү кырдаал — тарых, социология, философия, коом таануу жана тил илимдеринде «урук», «уруу», «эл», «улут» түшүнүктөрү жалпы идеологиялык көз караштын өзгөрүүсү менен ар түрдүү колдонулуп жүргөндүгү байкалат: мисалы, Байыркы Кытай дилбаяндарында (биздин заманга чейинки 2-кылым) «кыргыз эли» — «кыргыз мамлекети» дегенди билдирген. Жалпы кыргыз тилинин тарыхы жөнүндө айтуудан мурда анын «жалпы элдик тил», «жалпы элдик адабий тил» жана «жазма адабий тил» деген терминдер менен аталып айырмалангандыгы тууралуу жана алардын кыргыз тилтаануу илиминде бири-биринен айырмаланып, колдонула башташы, анын себеби тууралуу да айтылганы бар. Бул маселелер алгач 1950—60-жылдары кыргыз тил илиминин теоретиги академик Б. М. Юнусалиев тарабынан козголуп, Кыргызстан боюнча изилденген жана «кыргыз диалектологиясынын негиз салынышына байланыштуу болгон. Тилдин тарыхый өнүгүшүнүн бардык этаптарында анын жазма түрүндө сакталып калбагандыктан, аны башка тектеш тилдер менен салыштыруу аркылуу гана чындыкка жетишүүгө болорун изилдөөлөр тастыктайт: болгондо да тилдин байыркы — «жансыз» деп эсептелген фактыларын тектеш тилдерге мүнөздүү фактылар жана алардагы жандуу көрүнүштөр менен салыштыруу аркылуу гана чындык айкындалат. Кыргыз тили Алтай тобундагы тилдердин (башкача айтканда түрк, моңгол-манжур жана финн-угор) катарына кирери белгилүү. Ал эми анын өнүгүү тарыхы акадмик Б. М. Юнусалиевдин пикири боюнча 3 мезгилге: Байыркы, Орто жана Жаңы мезгил деп бөлүнөт. 1. Байыркы (Енисей-моңгол) мезгили 7—12-кылымдарды камтып, кыргыздардын Енисейден батышты көздөй жер которуп, Иртыш дарыясынын аралыгындагы аймактарга (башкача айтканда Минуса ойдуңуна) акырындап жайгашкан убактарды ичине алат да, тилдик белгилердин «д» атоочтордун ортонку муунунан адак — бут, этиштерде сөз аягынан «код» — кой маанисиндеги сөздөр сымал ал кезде ушундай формада болуп, рун жазуусунун түрк тилдеринде адабий форма катары колдонулуп жүргөн мезгилин мүнөздөөчү тилдик белги деп аталат. Ошол учурда мындай көрүнүш азыркы хакас, шор, тыва жана тофалардын байыркы ата-бабаларынын тилдерине да мүнөздүү болгон. Ошентип «д»чыл тилдик көрүнүш ошол учурда кандайдыр бир саналган тилдердин ал кездеги диалектилик өзгөчөлүктөрүнөн айырмалуу — бардыгынын жалпы адабий тили катары эсептелген жана «д» тилдүүлүк адабий жазма жалпылыктын белгиси болгон. Ал эми ал мезгилдеги оозеки кыргыз тили үчүн «з»чылдык мүнөздүү болуп, жогорудагы сөздөр «азак» (нога) жана «коз» (положить) түрүндө болгон. Мындай тилдик айырмачылыктын издерин Кытайдын Хэйлунцзян провинциясын мекендеген фуюй кыргыздарында сакталып калышы жогорудагы пикирди дагы бир жолу бекемдейт. Бул көрүнүштүн издери учурда тилибизде кездешүүчү «коз: козго, козут» жана «кой» — поставь; «айак» (орфографиялык «аяк») — нога сыяктуу кубулуштар да күбөлөйт. Жогоруда аталган фуюй кыргыздарынын тилинен келтирилген фактылар байыркы Енисей кыргыздарынын жеке өзүнүн ал замандагы оозеки тилинин издеринин моңгол басырыгынын мезгилинде деле сактала берген тилдик өзгөчөлүгү экендигин күбөлөйт. Ал эми 9-кылымдын орто ченинде кыргыздар Байыркы Уйгур кагандыгын өзүнө каратып алган мезгилде «з» тилдүүлүк байыркы уйгурлардын «д»чыл тилинин ордуна өздөштүрүлүп, чындыгында тилдик алмашуу болгондугун азыркы учурда Кытайда Тибет бөксө тоолорун мекендеген сарыг=югурлардын тилиндеги тилдик айырмачылыктар далилдеп турат. Ошентип, байыркы кыргыз тили жөнүндө сөз болгондо анын абалы жөнүндө негизинен «з»чыл тилдердин тобуна жатуучу тилдерден (фуюй кыргыздары, сарыг-югурлар, хакастар менен шорлордун тилдери) байкалат. Ошондой эле байыркы кыргыз элдик тилинде созулма үндүүлөр да болгон эмес; эриндүүсү өтө күчтүү келип, жеке эле ичке үндүүлөр гана эмес, кең үндүүлөр да эриндешкен: «тогос» — девять, «козон» — коён, «тухул» (монг. «тугал») — телёнок (салыштыруу азыркы кыргызча «токол» безрогий); сөз башында жалаң жумшак «б»: «бүзөг» — бийик; «бир» — бир; «ж»: «жол» — дорога, «жи» — «же» — тамактануу. Бул мезгилге сөз ортосунда жумшак «г» мүнөздүү болгон: «агыр» — оор; «агыс» — ооз; сөздүн аягында деле — ошол тыбыш: «сарыг» — сары; «суг» — суу ж.б. Бул мезгилдин аяк ченинде (11—12-кылымдар) кыргыз тилинин кыпчак тилдери менен аралашуусу башталат. 2. Кыргыз тилинин Орто (Алтай) мезгили 13—14-кылымдарды камтып, бул аралыкта кыргыз урууларынын бир бөлүгү моңголдордун сүргүнүнүн натыйжасында Түштүк Алтайды көздөй көчүп, жергиликтүү Алтай урууларынын тилдеринин таасирине (башкача айтканда өз-ара таасирге) дуушарланып, ал эмес кыпчак тилдеринин таасирине да учурап, кыргыз тили батыш «й»чыл тилге айланат, мисалы, «айак» — нога; «кой» — класть, положить. Бул мезгилде жалпысынан алтай-кыргыз тилдик жалпылыктар менен бирге ар биринин өзүнө гана таандык тилдик өзгөчөлүктөрү да катар жашай бергендиги байкалат. Ушул Орто мезгилдин эң башында кыргыз-алтай уруу аралашмаларынан кыргыздардын чакан бөлүгү түштүктү көздөй жылып, Лобнор көлүнүн жээгине барып жайгашып калып, тилдик жагынан тигилерден айырмалуу, С. Е. Маловдун аныктамасы боюнча байыркы Енисей кыргыздарынын урпактарынан турган бул эл (лоптуктар) тилинде кыргыз тилинин ошол байыркы мезгилиндеги белгилерин сактап калган. Ал тилде негизинен орто кыргыз тилдик айырмачылыктардан башка созулма үндүүлөр жок. Лобнорчодо эриндешүү сакталып, «а, э» үндүүлөрү «у, щ» ичке үндүүлөрүнөн кийин эриндешет. Бул белги алтай тилинде таптакыр жок; кыргызчада сейрек кездешип, лобнор тилин кыргыз тили менен жакындаштырат. Сөз башындагы «й» болсо, уйгур тилинин жеке белгиси болуп, анын байыркы жана азыркы түрүнө да, ошондой эле сарыг-югур тилине да мүнөздүү: «йол» — жол, «йаз» — жаз, «йел» — жел. Сөз ортосунда — «г»: «агыз» — ооз, уста; «агый» — оору, «таг» — тоо. Ал эми бардык кыргыз диалектилерине мүнөздүү «с//з» алмашуулары болсо тилибизди алтайлыктар менен гана эмес, хакас, тыва жана якут (саха) тилдерине окшоштурат: «кыз\\кыс»; «сөз\\сөс» ж. б. тилибиздин байыркы мезгилине тиешелүү болуп, анын жогоруда белгиленген «з» мезгилинен калган раритеттерден. 3. Кыргыз тилинин Жаңы (ТяньШань) мезгили 15—16-кылымдарга туура келип, элибиздин Енисейден Батышка жылып отуруп, Тянь-Шанга көчүп келип, андагы жергиликтүү уруулар менен аралашкан мезгилин камтыйт да, алардын тилдик өзгөчөлүктөрүн өзүнө сиңирип алуунун натыйжасында (мисалы, «чекилдек» жана «чекир саяк» сыяктуу этнонимдер байыркы Енисей мезгилине мүнөздүү «чигил», муну менен семантика түзүлүш жагынан «чийкил» жана «чийкил сары» сын атоочтору сыктуу тектеш сөздөр) азыркы кыргыз жалпы элдик тили өзүнүн бардык диалектилик жана айтымдык белгилери камтылган өзгөчөлүктөрү менен калыптана баштайт. Болгондо да эң байыркы белгилери көбүнчө түндүк диалектилери сакталгандыгы байкалат. Ал эми азыркы кыргыз тили жалпысынан «й»чыл тил; орунбасар (башкача айтканда кийин пайда болгон) созулмалар; эриндешүүсү өтө күчтүү; сөз башы «ж»чыл; сөздүн ортосунда жана аягында «г»нын дифтонгдошуусу же үндүүгө айланышы мүнөздүү. Ал эми лобнор тилинде «г» бардык позицияларда сакталып калгандыктан, кыргызчада анын жогорудагыдай өзгөрүүгө дуушарланышы кыргыз тилинин тарыхынын орто мезгилинин аяк ченине туура келет деп болжолдоого негиз берет.