Кыргыз тили жана жазма маданияты

Википедия дан

Элдин тилин кадырлабаган адам - элди да кадырлабайт
Болот Юнусалиев

Кыргыз тили - эң байыркы тилдерден. Америкалык илимпоз Каннен Катинер "Дүйнө тилдери" деген китебинде "Эгер изилдөөлөргө таянсак, түрк элдеринин ичинен эң байыркысы кыргыз экенин көрөбүз. Алардын жазма эстеликтери мындан 2000 жыл илгери эле кезигет", - деп жазат. Ал эми айрым окумуштуулар енисей кыргыздары андан да мурда Аршакиддер империясы учурунда эле арамей жазуусуна негизделген бир жазууну колдонгонун айтышат. Илимпоз Ч.Т.Үмөталиева "Предки кыргызов, хакасов и алтайцев говорили на одном древнокыргызском языке", - дейт. Ал эми түрк тилдерине кыргыз, казак, өзбек, азербайжан, туркмен, татар, башкыр, чуваш, якут, каракалпак, тува, балкар, кумук, хакас, алтай, карачай, крым татары, уйгур, гагауз, ногой ж.б. элдердин тилдери кирип алардын негизин кыргыз тили түзгөнүн көптөгөн окумуштуулар айтып келишет. Муну белгилүү түрк ишмери Орхан Инал мырза да бекемдеп: "Биз, түрк эли, сиздер менен тарыхыбыз бир экендигин, түпкү тегибиз кыргыздардан тарагандыгьш жакшы билебиз. Түркиядагы ар бир түрктөн тегин сурасаңыз ушундай деп жооп беришет" дейт.

Чоң чулу таштарга, аска бетгерине чегилген байыркы руна сымал жазуу (Орхон-Энесай түрк алфавита) 6-7-кылымдарда пайда болуп, 10-12-кылымдарга чейин колдонулган. Мындай эстеликтер Энесай, Саян, Тува, Монголия, Талас, Кочкор өрөөндөрүнөн табылган. Ал жазуулар идиштерге, тыйынга, аска бетине, эстеликтерге чегилип, бүгүнкү күндө илимге кеңири белгилүү. Ал жазууларды биринчи жолу 1893-ж. даниялык илимпоз В. Томпсон (1842-1927) жана орус түркологу В. Радлов (1837-1918) окуган. Бул эстеликтер дин кыргыздарга таандык экендигин айтышкан алгачкы окумуштуулар В.Радлов, В.Томпсон жана орус тилчиси, түрк тилдерин изилдөөчү С.Е. Маловдор (1880-1937) болгон. Малов "Енисейлик түрктөрдүн жазуусу" деген эмгегинде "5-кьшымдагы енисейлик жазуу эстеликтеринин тили - байыркы кыргыздардын тили" деп аныктаган. Бул эстеликтерди изилдөөгө баш оту менен киришкен кыр¬гыз окумуштуусу - Четин Жумагулов. Анын эсеби боюнча Кыргызстандын аймагынан акыркы 100 жыл ичинде 20 руна жазуусу табылган. Демек кыргыздар руна сымал жазууларды пайдаланышкан. Ал эми «Цзю Тан шу» деп аталган XI кылымдагы кытай тарыхы боюнча жазылган эмгекте кыргыздардын жазуусу жана тили уйгурлардыкьша окшош экени айтылган. Кыргыздар кийин араб алфавитин колдонушкан.

1929-ж. 29-ноябрда кыргыз жазмасынын араб алфавитинен латын алфавитине 1930-жылдын 1-январынан тартып өткөрүү боюнча иштердин аякташы жөнүндө Кыргыз АССР БАКынын Президиумунун чечими кабыл алынган.

1941-ж. 31-январда латын алфавитиндеги кыргыз жазуусун орус алфавитине (кириллицага) которуу жөнүндөгү мыйзам чыккан.

Филология илимдеринин доктору Магомед Исаев "СССР элдеринин тилдери жөнүндө" (Москва, "Илим") деген илимий эмгегинде совет элдеринин тилдерине талдоо жүргүзүп, кыргыз тилин өзгөчө карап, анын өнүгүшүн тарыхый планда үч доорго бөлүп караган. Биринчиси, байыркы кыргыз тили (8-9-к.), экинчиси орто кыргыз тили (10-15-к.) жана үчүнчүсү жаңы кыргыз тили (15-к.).

Орто кылымдагы кыргыз элинин эки залкары, ойчул, философ, окумуштуу Махмуд Кашгари менен Жусуп Баласагындын, кыргыз элин дүйнөгө тааныткан гений жазуучу Чыңгыз Айматовдун чыгармалары кыргыз элинин эле эмес, дүйнө элдеринин да рухий кенчине айланган.

Совет мезгилинде балдар кыргызча окуп, китептер кыргызча чыгып турган. Бирок совет элин акырындык менен бир гана улутка айландыруу саясаты тымызын жүргүзүлгөндүктөн, кыргыз тилинин арымы акырындык менен кыскартылып, иш кагаздары орус тилинде гана жүргүзүлүп келген. Ошонун айынан кыргыз тили жакырланып, айрым сөздөр архаизмге айлана баштаган. Ошондуктан 1989-жьлы кыргыз тилинин мамлекетгик статуска ээ болушу кыргыз эли үчүн чыныгы майрам болгон. Бирок тил саясаты тийиштүү деңгээлде жүргүзүлбөгөндүктөн кыргыз тили ушул күнгө чейин иш жүзүндө толук мамлекеттик статуска ээ боло элек.

Ал эми элин жоголуудан сактап калууну көздөгөн акылман эл биринчи кезекте тилин сактоого, өнүктүрүүгө аракет кылат. Мисалы,1957-ж. Малайзия эгемендик алган. 1967-ж. малай тили улуттук тил деп жарыяланган. Бул мезгилде Малайзиянын калкынын 20 пайыздайы гана малай тилин билүүчү экен. 1972- ж. калкынын 90%ы малай тилинде сүйлөй баштаган. Ал эми өткөн кылымдын 80-жылдарынын акырында Жапониянын(Япониянын) Хоккайда аралында өздөрүнүн айну тилинде сүйлөгөн 8 гана адам калган экен. Бүгүнкү күндө бул тил кайрадан жаралууда. Арменияда болсо өз тилин таза сактоо үчүн балдар тарых сабагын армян элинин байыркы кол жазмалары сакталуучу Матенедаранда окушат экен. Биз да ушундай деңгээлге жетсек гана атаганат.

Дүйнөдө 7 миндей тил, 2,5 миң улут бар. 192 улут эгемен эл. 83 тил кеңири тараган.

Жылкынын сымбаты орус тилинде 18-20 сөз менен сүрөттөлсө, кыргыз тилинде 800дөй сөз менен сүрѳттѳлѳт экен. Аскер куралдары орус сөздүгүндө 100дөй терминди камтыса, "Манаста" согуш куралдарынын эле 220 түрү бар экен. Кыргыз тилинде сары түстүн эле ондон ашык түрү бар. Мисалы, сары, алтын сары, жез сары, кочкул сары, күлгүн сары, күңүрт сары, сапсары, мала сары, ак саргыл, саргыч, чийки сары, эжигей сары ж.б. Ал эми "оору" орус тилинде болезнь деп бир эле сөз менен айтылса, кыргыз тилинде жаныбардыкы - ылаң, өсүмдүктүкү- илдет, адамдыкы - оору, сыркоо, дарт, кесел ж.б. сөздөр менен оорунун деңгээлине жараша айтылат. Адамдын жакшы, жаман мүнөздөрү эле жүздөгөн сөздөр менен сыпатталат.


Кыргыз эли тойлору түгүл, жамандыкты да ыр менен угузган ыр жандуу эл. Мына ушундай уникалдуу тил байлыгыбыз, өнөрүбүз болуп туруп, камчысы катуу совет мезгилинде эле (1989-ж.) кыргыз тили мамлекеттик тил статусуна ээ болгонуна карабастан кыргыз мамлекетинде жашаган кыргыз аткаминерлердин кыргызча сүйлөй албаганын, кыргызча жаза албаганын, мамлекеттик деңгээлдеги иш кагаздары адегенде орусча жазылып, андан кийин гана академиялык келегей тил менен кыргызчага которулаарын, үч кыргыздын башы кошулса тамтандап орусча сүйлөшөөрүн эстегенде каңырыгым түтөйт, арданам. Тажик эл акыны Мирзо Турсун Заденин "Эне тилин билбеген адам акылы кем балага окшош", - деген сөзү көкүрөгүмө тык эте түшөт. Шаардык киргиздердин же кыргызчаны жакшы билбей, же орусчаны жакшы билбей арабөрк калгандарына боорум ачыйт. Ушул жерге орус декабристтеринин "Биздин аталарыбыз француз болгусу келген эле - орус бойдон калышты, а биз болсо француз болуп калдык - орус болгубуз келет", - деген сөздөрү төп келип турат. Биздин балдарыбыз кыргыз болгубуз келет деп, эстерине келгенде кеч болуп калат. Ошондуктан азыртадан ойлонолу... Дүйнөлүк терминдерди баса калып, жасалма сөз жасап которуп коюу менен мамлекеттик тилди өнүктүрө албайбыз. Ал үчүн иш кагаздарын кыргызча жүргүзүп, кыргыздар кыргызча сүйлөшүбүз керек. Кыргыз ырларын башка элдер кызыкса өздөрү эле ырдай берет.

Тил жоголсо дил жоголот, улуттук маданият жоголот, башкача айтканда улуттук эс тутум жоголот. Мындай трагедиядан кудай сактасын.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.