Кыргыз улуттук консерваториясы

Википедия дан

Кыргыз улуттук консерваториясы — жогорку музыкалык билим берүүчү окуу жайы. 1993-жылы ачылган. 1998-жылы улуттук статусу берилген. Консерваторияда 5 факультет (фортепьяно, теория-композитордук, орекстрдик, вокалдык, билимин өркүндөтүү), 14 кафедра жана сырттан окуу бөлүмү бар. Консерваторияда белгилүү искусство ишмерлери жана илимдин кандидаттары, докторлору жана профессорлор эмгектенишет. Консерваторияда студенттердин симфониялык, эл аспаптар оркестри, хор, фольклорчулар, скрипкачылар ансамблдери, компьютердик класс үн жазуучу студия бар. 2004-жылы консерваториянын алдында салттык музыка борбору ачылган. 1993-жылдан ректору М. Бегалиев.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]