Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи

Википедия дан

Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи Г. Айтиев атындагы — сүрөт искусствосунун мыкты үлгүлөрү топтолуучу маданий мекеме. Көркөм сүрөт искусствосунун чыгармаларын илимий изилдөө, пропагандалоо иштерин да жүргүзөт. 1935-жылы Фрунзеде Кыргыз мамлекеттик картина галереясы катары ачылып, ага Москвадагы Третьяков галереясынан, РСФСР музей фондунан орус классиктеринин 72 түп нускада чыгармалары алынып келинген. Музейди уюштурууда С. Чуйковдун эмгеги зор. Музей көрүүчүлөрдү биринчи жолу Эмен багындагы (азыркы Ч. Айтматов атындагы парк) реконструкцияланган имаратта кабыл алган. Азыркы имараты 1974-жылы курулган (архитектор Д. Ырыскулов, В. Назаров жана Ш. Жекшенбаев, инженер А. Юсупов, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы, 1976). Музейдин живопись, графика, скульптура сактоочу, жасалга-колдонмо өнөр бөлүмдөрү, реставрация өнөрканасы, китепкана, фотолаборатория, кинолекторий, методика кабинеттери, экспозиция залдары, скульптура аянты бар. Музей коллекциясынын негизин С. Чуйков, Г. Айтиев, С. Акылбеков, В. Образцов, А. Игнатьев, О. Мануйлова, Л. Ильина, А. Михалёв, Т. Садыков, Ж. Үмөтов, С. Ишенов ж. б. кыргыз сүрөтчүлөрүнүн чыгармалары түзөт. Экспонаттары жаңы табылгалар менен үзбөй толукталып турат. Директорлору: анын ичинде Игнатьев, К. Усубалиева, М. Юсупова, 1997-жылдан Ю. Шыгаев.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]