Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын академиялык симфониялык оркестри

Википедия дан

Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын академиялык симфониялык оркестри - 1969-ж. алгач 28 музыканттан турган камералык оркестр уюшулган.

Кыргыз өкмөтүнүн 1969-жылдын 31-декабрындагы токтому менен Улуттук телерадиокорпорациясынын алдына курамы 46 музыканттан турган симфониялык оркестр уюшулган.

Көркөм жетекчиликке жана башкы дирижёрлукка оркестрдин негиздөөчүсү жана уюштуруучусу, СССР эл арт., Эл баатыры Асанкан Жумактатов дайындалган. 1970-жылдын 9-февралында Кыргызстан композиторлор союзунун Пленумуна арналган оркестрдин тушоо кесүү концерти болгон.

Концертте М. Абдраевдин, К. Молдобасановдун, А. Жаныбековдун, М. Бурштиндин, А. Мурзабаевдин ж. б. чыгармалары аткарылган.

Оркестр 37-жылдан бери кыргыз обончуларынын, композиторлордун ырларынан тартып, көлөмдүү симфониялык чыгармаларына чейин Улуттук телерадионун алтын казынасына жаздырды. Азыркы күндө оркестр КМШ өлкөлөрүндөгү мыкты оркестрлердин катарына кирет. Ар кандай концерттерде оркестрдин коштоосунда кыргыздын атактуу ырчылары гана эмес, СССР эл артисти Е. Образцова, Е. Нестеренко, И. Архипова, М. Растропович, Т. Куузик ж. б. да ырдашкан. Ал эми оркестрди айтылуу дирижёрлор Е. Светланов, А. Журайтис, Б. Хайкин, Ю. Домаркос, Ю. Темирканов ж. б. дирижёрлогон.

Оркестрде ар кайсы жылдарда А. Хохлов, И. Машкевич, А. Георгиев, Ж. Каныметов, Н. Рысалиев, Р. Осмоналиев иштешкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.