Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын камералык хору

Википедия дан

Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын камералык хору - 1974-ж. Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын алдында уюштурулган.

Хорду уюштурууда анын алгачкы жетекчиси Кыргаз Республикасынын эл apисти Алиев Кеңеш көп чыгармачылык күч жумшаган. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк композиторлордун классикалык хорлорунан репертуар даярдаган (мис., В. Моцарттын, Ж. Вердинин, С. Танеевдин, С. Рахманиновдун, М. Абдраевдин, К. Молдобасановдун, Н. Давлесовдун хорлору, кантаталары, реквиемдери).

Телерадиокорпорациянын алтын фондуна беш жүздөн ашык чыгармаларды жаздырган. Хор телерадиоберүүлөргө, филармонияда өткөн концерттерге, конкурстарга, фестивалдарга такай катышып турат. Коллективди 30 жылдай Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер В. Д. Гумбин жетектеген. Ал А. Огомбаевдин «Эсимде», А. Малдыбаевдин «Жайлоодо», эл ырлары «Агын суу», «Шырылдаң» ж. б. ырларды хор үчүн иштеп чыккан.

1992-1994-ж. хорду К. Н. Нурматов, 1994-жылдан проф. Г. Маматова жетектөөдө. Камералык хордо жогорку классификациядагы В. Базылбекова, К. Исмаилова, 3. Тоялиева, О. Жапаров, Ч. Дүйшөналиев, С. Урманбетова сыяктуу ырчылар бар. Концертмейстери Л. В. Дмитрищенко. Камералык хор Кыргызстан жаштар союзунун лауреаты (1987), КМШ өлкөлөрүнүн, алардын ичинененн Кыргызстандын 22 шаарынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.