Кыргыз ую

Википедия дан

Кыргыз ую — Кыргызстанда байыртадан асыралып келген жергиликтүү уй. Маңдайы жазы, өңү кызыл, сары ала, кара, кара ала, күрөң ж. б. Кыргызстандын бардык аймагында багылат. Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндөгү кыргыз ую Нарын облусундагы уйларга караганда ирдүүрөөк. Инегинин бийиктиги 110,8—120,3 см, көкүрөк курчамы 152,9—165,4 см, тулку бою 137,5—148,2 см. Кыргыз ую жем-чөптү колдон көп жебей, жыл бою жайытта багылат. Инегинин салмагы 280— 320 кг, букасыныкы 400—450 кгга жетет. Жайытта жакшы семирет. Бул учурда ар бир ноопас күнүнө 50—500 г эт кошот. Сүтүнүн майлуулугу 4,5—5%. Кыргыз уюн голланд ую менен аргындаштыруудан сүт багытындагы олуя-ата ую, герефорд ую менен аргындаштыруудан эт багытындагы казак ала баш ую, швиц ую менен аргындаштыруудан сүт-эт багытындагы ала-тоо ую чыгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]