Кыргыз цирки

Википедия дан

Кыргыз цирки - 1962-жылы Кыргыз ССРинин Өкмөтү менен «Союзмамцирктин» чечими боюнча Кыргызстандагы алгачкы «Жаш Кыргызстан» цирк труппасы уюштурулуп, ага негизинен жергиликтүү улуттардын уул-кыздары кабыл алынган. Режиссёр-коюучу жана жетекчиси, цирк аренасынын атактуу чебери Е. А. Чжан-Фун-Лин дайындалган. 1963-жылы труппага Э. Мамытбеков, А. Жусупов, С. Бейшебаев, Б. Кулубаев, С. Сооронбаев, М. Жумалиев, К. Лин-Чан ж. б. кабыл алынып, кыргыз улуттук циркинин алгачкы артисттери болуп калышкан. 1963-жылы 20-октябрда алгачкы жолу цирк аренасына чыгып, республиканын калкына оюн көрсөтүшкөн. Бул күн кыргыз циркинин жаралган күнү катары эсептелет. Программанын алгачкы номери улуттук оюндардын негизинде түзүлүп, анда акробатиканын, гимнастиканын элементтери колдонулган, айрым фрагменттери комуз менен аткарылган. Оюн ийгиликтүү өткөндүктөн, «Жаш Кыргызстан» Бүткүл союздук цирктин катарына киргизилип, СССРдин аймагында: Киев, Минск, Севастополь, Архангельск, Ташкент, Ленинград шнда узак гастролдо болушкан. Москва мамлекеттик циркинде да оюн көрсөтүшүп, труппанын бардык мүчөлөрүнө цирк чыгармаларынын Бүткүл союздук кароосунун лауреаты деген наам ыйгарылган. 1964-жылы кыргыз циркинин жаңы жамаатын даярдоо максатында эки жылдык студия ачылган. Ага кыргыз улан-кыздары тартылган, алар акробатика, гимнастика, жонглёрдук, эквилибристика, хореографияны өздөштүрүшкөн. «Гүлдөй бер, Кыргызстаным» аттуу колллектив түзүлүп, жаңы номерлер даярдалган: «Шакектеги гимнасттар» (Ж. Көбөгөнова, Б. Султанкеримов, Р. Вафеев, М. Юсупов), «Төө үстүндө па-де-де» (Ф. Мукашева, А. Жумалиев), «Шайыр ашпозчулар» (А. Абылкасымов, К. Арбатоев), «Ат үстүндөгү жонглёрлор» (Д. Чокубаев), «Ийинге минген акробаттар» (М. Ачакеев, А. Айталиев, С. Жолдошев, К. Иманалиев, М. Жакыпов, М. Хусаинов, Б. Эсентаев, К. Тыныбеков ж. б.), «Антипод» (А. Хасанова, Бейшебаева, М. Төлөмүшова), «Кыргыздын ат оюндары», «Шумкар» (Ф. Мукашева, Д. Чокубаева, Т. Төлөмүшова, А. Жумалиев, Абубакировдор, С. Урмамбетов, К. Тажибаев, В. Купрянов, Э. Өмүрбеков, Ү. Кудайбергенов, Ж. Аралбаев ж. б.), «Алкактагы аба гимнасттары» (К. Жолдошев, М. Мукашева, Ш. Сыдыкбекова, Л. Лахина, Г. Алиева). Тунгуч программаны аренага чыгарууга режиссёр Н. Цертелев, жетекчиси Түркмөн ССРинин эмгек сиңирген артист Н. Кочаков, балетмейстер С. Кебеков, композиторлор К. Молдобасанов, Н. Давлесов, дирижёр А. Жумакматов, жазуучу К. Жантөшев, ошол учурдагы цирктин директору Л. Иванова жана цирк артисттери Ю. Корнеев, Г. Осипов, И. Щербаков, Н. Павли, В. Твеленов катышкан. Москвадан И. Девяткин тарабынан кыргыз маскарапоздору — С. Сооронбаев менен В. Попов даярдалган. 1969-жылы «Алкактагы аба гимнасттары», «Жаш Кыргызстан» эки коллектив кошулуп, «Жаш Кыргызстан» деген ат менен 1972-жылга чейин СССРдин шаарларында гастролдо болушкан. 1976-жылы бардык ыңгайлуулуктары бар цирктин жаңы имараты пайдаланууга берилгенден кийин манежде Союздук республикалардын белгилүү цирк коллективдеринин театрлаштырылган жана техникалык жактан өтө татаал программалары коюла баштаган. 1977-жылы Финляндияда Кыргыз цирки «Кыргыз ат оюндары» номерин көрсөткөн. 1980-жылы 21-декабрында «Ала-Тоо жаңырыгы» спектаклинин премьерасы цирк искусствосундагы жаңы ачылыш жана багыт болгон. «Легенда» (аба гимнасттары Г. Бөкөлөева, К. Арботоев), «Фрескалар» (керилген зымда бий аткаруучу Б. Токсобаева), «Жаа тарткыч» (С. Момункулова), «Кыргызстандын экзотикалык фауналары» аттракциону (жетекчиси С.Урманбетов), «Ысык-Көл» акробатикалык ансамбли (жетекчиси Р. Козубеков) жаңы программалары коюлган. 1985-жылдан «Кыргызстандын жигиттери» тобун М. Эшимбеков жетектейт. 1999-жылы Европага иштеп кетишкен. Италия, Франция, Польша, Чехия, Словакия, Германия, Америка, Израиль, Түркия, Испанияда өткөрүлгөн Эл аралык фестивалдарга катышып, келишим түзүп, жашап, иштеп жүрүшөт. 2010-жылы «Кыргызстандын жигиттери» тобу Монте-Карлодогу цирк искусствосунун дүйнөлүк 34-фестивалында 52 мамлекеттин ичинен 2-орунга ээ болушту.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]