Кыргыз элинин искусствосу боюнча жазмалар

Википедия дан

Азыркы кыргыз искусствосунун тамыры байыркы замандардын тереңинде жатат. Биз кыргыздардын тарыхын биздин заманга чейин II миң жылдыктан бери тарта эсептегендей эле кыргыз элинин искусствосунун генезисин да ошол доордон башташыбыз керек. Коло доорундагы (биздин заманга чейин II миң жылдык) Енисейдеги малчы уруулардын идиштеринин оймо- чиймелеринен да биз азыркы кыргыз искусствосунун алыста жаткан тамырын көрөбүз. Алар геометриялык оймо-чиймелер жана алардын мааниси (семантика) изилдөөчүлөр үчүн анчалык ачык эмес. Албетте, алар ошол мезгилде эстетикалык гана эмес, культ-сыйкырлык мүнөздө болгону шексиз. Байыркы сүрөттөр, оймо-чиймелер аркылуу идиштердеги тамак-ашты шайтан-шабырлардан сактоого, курал-жарактын күчүн «арттырууга», бул буюмдардын ээсинин жыргалчылыгын камсыз кылууга умтулган. Мына ушундай максатта сүрөтчү ташка сүрөт, оймо-чийме түшүргөн, чоподон жана колодон сүрөттөрдү, скульптураларды жасаган. Албетте, койчу, малчы жана аңчы, баарынан мурда, өзү тигил же бул уруунун түпкү теги деп эсептелип жүргөн айбанаттан ушундай күчтү көрүүнү каалаган. Минусин крайында табылып жаткан коло буюмдарда айбанаттардын жогорку көркөмдүктө чебер жасалган скульптуралык сүрөттөрүнүн өтө көптүгү ушуну менен түшүндүрүлөт. Бул скульптуралардын мүнөздүү өзгөчөлүктөрү жаныбарлардын фигураларынын дал өзүндөй жасалгандыгы болуп саналат, эртерээктеги мындай буюмдарда айбанаттын тулкусу толук берилген, бир кыйла кечирээктегилерде жарым-жартылай, мисалы башы берилген. Эң алгачкы таш скульптуралар б.з.ч. I миң жылдыкка таандык, алардын эң белгилүүлөрү кочкордун башынын сүрөтү болуп саналат, башка бир скульптураларда күндүн сүрөтү бар. Мында эки учурда тең бул мал багып өстүрүүлөрдүн чарбалык турмуш-тиричилигинин ийгилигинин эмблемасы болуп саналат. Бул белгиленген көрүнүштөр кийинчерээк, скиф доорунда да (биздин заманга чейин VII—III к) уланып, алар алда канча мыкты өнүгүүгө ээ болгон. Изилдөөчүлөр дал ошол мезгилде аска бетиндеги сүрөттөрдүн пайда болгонун белгилешет. Енисей жергесиндеги аска бетиндеги сүрөттөр дүйнөгө кеңири белгилүү. Алар кеңири аянтты ээлеп, өтө татаал композициялардан турат. Изилдөөлөр тарабынан аныкталгандай, булар ар түрдүү доорлордун сүрөттөрү, алардын ичинен көптөрү б.з.ч. I миң жылдыктагы эмес, андан бир кыйла кечирээктегилер, алар биздин замандын I миң жылдыгынын орто ченине таандык. Изилдөөчүлөрдүн бири бул сүрөттөрдүн эң аз дегенде хронологиялык үч тобу бар экенин белгилейт. Сүрөттөрдүн алда канча байыркы тобунун сюжети сакралдык (ыйыктык) мүнөзгө ээ жана коло дооруна таандык, экинчиси, анын пикири боюнча, эллиндик, үчүнчүсү парфян-сасанилик таасирдеги сүрөттөр.

Енисейдин жээктериндеги аскалардагы сүрөттөр бизге кийинчерээк, мисалы металл бетиндеги сүрөттөрдөн белгилүү болгон байыркы кыргыз сүрөтүнүн кандайча өнүгүп отурганын эң ачык көрсөтүп турат. Сүрөттөрдөн байыркы сүрөтчүнүн жаратылышты жана адамдын жашоо-турмушун өз колунда болгон графикалык каражаттар менен чындыктагыдай берүүгө умтулганы ачык байкалат. Аска таштардагы сүрөттөр менен таштан жасалган байыркы скульптуралар да бири-бирине шайкеш келет. Бул скульптуралардан сүрөтчүнүн таш мамыга сүрөт чегип түшүрүүдөн граниттен жумуру скульптураны түзүүгө умтулганын байкайбыз.

Кенже (кичи) скульптуранын эң сонун гүлдөшүн колодон жасалган өтө кооз буюмдардан байкай алабыз, алар демейде тотемдердин сүрөттөрү, б.а. өз уруусунун түпкү бабасы деп эсептелген жаныбардын миниатюралык фигураларынан турат. Алар бугулардын, текелердин, аюулардын, барстардын жана башка дагы ушундай сыяктуулар, негизинен жапайы айбанаттардын скульптуралары. Ушул сыяктуу сүрөттөрдүн гүлдөп-өнүгүшү биздин заманга чейин VII—I кылымдарга таандык жана буга тийиштүү маданий комплекстер археологдор тарабынан тагар маданияты деп аталат. Тагар маданиятынын акыры ченде, кыргыздардын эң байыркы ата-бабалары болгон енисейлик көчмөндөрдүн искусствосунда өлгөн адамдын бет бейнесинен түшүрүлүп алынган гипс бет кептерди жасоо кеңири тарайт. Бул бет кептер алгач маркумдун бет түспөлүнө оппокшош түрдө түшүрүлгөн порпрети болгон. Кийинчерээк алар өз алдынча даярдалып, боёк менен боёлгон. Адегенде бул бет кептер өлүктүн бет бейнесинин так сүрөтүн берген, кийинчерээк өлүктүн анча окшошпогон бет кеби жасалып, ал портрет түрүндөгү жеке бир адамдын сүрөтүн эмес, жалпы эле расалык типтеги беттин түспөлүн гана көрсөтүп калган. Айтмакчы, көптөгөн авторлор бул бет кептер жер ортолук деңиз элдеринен кабыл алынган деп эсептешет, анткени мындай бет кептер байыркы этрускилер менен римдиктерде биздин заманга чейин VII кылымда эле, Керчь жарым аралында (Керчте Рескупориддин бет кеби) белгилүү болгон, кечирээктеги Египеттеги фаюм портреттерин ушуларга окшоштурушкан. Ушунун негизинде римдиктерде скульптуралык портрет искусствосу пайда болгон, анда адамдын жекече белгилерин берүүгө умтулушкан. Енисей кыргыздарында жекече бет кептерден жалпылаштырылган бет кептерди жасоого өткөнүн байкайбыз, мүмкүн, дал ушунун негизинде бейиттерге коюлуучу балбал деп аталган статуяларды жасоого өтсө керек, мындай скульптурада жоокердин жеке өзүнө мүнөздүү бет бейнеси эмес, жалпы эле, адамдын жалпылаштырылган бет түспөлү берилет. Эгерде мурда искусстводо тотемдердин — жаныбарлардын (демейде жырткыч же фантастикалык жаныбар менен чөп жечү жаныбарлардын) алышып турган сүрөтү кеңири тараган болсо, эми, биздин заманга чейин VI—III кылымдарда бул күрөшкө адам да чыгат. Кыргыз искусствосунда адам сүрөтү ата-бабалардын арбагына сыйынуудан улам жаралып, ал жогоруда эскерилген гипс бет кептердин келип чыгышына негиз болгон. Бирок адам бир гана көрүнүштө — жоокер, эреже катарында, атчан жоокер түрүндө гана берилет. Ата-бабанын культу жоокер культу менен ажырагыс байланышта болгон, анткени согуш байыркы кыргыздардын кесибинин башкы тармагын түзгөн. Бул мезгилде кыргыздар Кытай, Орто Азия, Иран сыяктуу көптөгөн өлкөлөр менен тыгыз байланышта болуп турган, ушул себептүү алардын маданиятында атаган өлкөлөрдүн маданияттарынын таасирлерин байкайбыз. Минусин крайында, Енисейде Көпен деген жерде, 1939-ж. археологдор Л. Евтюхова менен С.Киселевдин күч-аракеттеринин натыйжасында табылган бай табылгалар ошол таасирлердин эң ачык көрүнүшү боло алат. Алтын жана коло буюмдардын арасынан бир бетине гана сүрөт түшүрүлгөн, колодон куюлуп жасалган тердиктин бетин кооздой турган күбөктөрдүн тобу өзгөчө көңүлдү бурат. Анда атчан жоокердин артына бурулуп, өзүнө кол салган барсты атып жаткан сүрөтү бар. Атчандын айланасында үркүп, туш-тушка качкан эликтин, тоо текенин, камандын сүрөттөрү түшүрүлгөн. Атчандын үстү жагында кытай стилинде булуттун, анын алдында токойлуу тоонун сүрөттөрү берилген. Сүрөттөр реалисттик түрдө, экспрессивдүү берилип, өтө таланттуу сүрөтчүнүн колунан жаралган. Мындай атчан аңчынын сүрөтүн Ленин ордендүү Кыргыз опера жана балет театрынын «Көкүл» операсына увертюралык көшөгөгө художник Я. Штоффер бир аз кайра иштеп чыгуу менен түшүргөн.

Алтын идиштерге зергердик чеберчилик менен түшүрүлгөн, азем торчолуу оймо- чиймеси бар, бастырып чегеп коё турган күбөктөр мындан кем эмес кызыгууну пайда кылат. Өсүмдүк түрүндөгү оймо-чиймелердин арасына куштардын — трифондун, өрдөктүн сүрөттөрү кошо тартылып, алар идиштин жалпы оймо-чиймелери менен тыгыз байланышып турат. Көпен табылгаларындагы көркөм чеберчилик өзүнө жакын параллелдерди XIX кылымдын акыры ченде Тянь-Шандын Кочкор кыштагы ченде кокустан табылган жана Ленинградда Мамлекеттик Эрмитажда сакталып турган буюмдардан табат. Ат жабдыктарга чегеленген күмүш (алтын жалатылган) күбөктөрдөн биз азем торчолуу сүрөт түрүндөгү ошол эле стилистикалык ыкты көрөбүз, мында сюжет бир аз өзгөрүүгө учурап, ага кыргыз оймо-чиймесине мүнөздүү эмес, жаңы мотив (өрмө) киргизилген, бул мотив эртерээктеги орто кылымдар доорундагы Чүй өрөөнүнүн мусулман шаарларынан келгени анык.

Көпен табылгаларына кайрадан кайрылып, биз алардан Кытай жана Иран техникасынын, а түгүл сюжеттеринин изин көрөрүбүздү баса белгилеп кетебиз. Алсак, атчан аңчынын мотиви Енисейдин мезгили боюнча мурдагы эстеликтеринде гана эмес, мисалы, Эрмитажда сакталып турган бир скифтик алтын күбөктө гана эмес, Иран эстеликтеринде да кеңири тараган; бул эстеликтерде, адатта, мурда ахеменилер падышалары, биздин заманга чейин. VI—IV кылымдарда башкарган падышалардын (мисалы, Дарийдин) жана алардан мурдагы ассириялык падышалардын, мисалы, Ассурбанипалдын (биздин заманга чейин VIII к) сүрөттөрү түшүрүлгөн. Мындай сюжеттерди биз парфян корепластикасынан, жана акырында, VI—VII кылымдардагы сасанилик торевтикадан билебиз. Биздин атчанга Иран падышасы Шапур II нин (Шапур биздин замандын 310—378-жыддарында башкарган) аңчылыктагы сүрөтү абдан окшош, ал сүрөт Эрмитажда сакталып турган сасанилик табакка түшүрүлгөн.

Бир жагынан, Алдыңкы Чыгыш менен енисейлик кыргыздардын, экинчи жагынан енисейлик кыргыздар менен Кытайдын искусствосундагы сюжеттердин жалпылыгы маданий-чыгармачылык өз ара мамилелердин натыйжасы экени шексиз. Байыркы мезгилде кыргыздардын эл аралык байланыштарын далилдеген бул табылгалардын таанып-билүү баалуулугун ого бетер арттырат.

Бул табылгалардын мааниси — Кытайдагы иран таасири кыргыздар аркылуу өткөн деп болжолдоого укук бергендигинде, анткени кыргыздар эки улуу цивилизациянын жуурулушу баарынан ачык болгон Жети-Суу (Тянь-Шань) менен да тыгыз байланышта болуп турган, бул жөнүндө биз төмөндө айтабыз.

Көпендеги табылгалардан биз байыркы скифтик айбанат стилинин салттарынын бир кыйла кечирээктеги көрүнүштөрүнө күбө болуп отурабыз. Енисей кыргыздары VI—VIII кылымдарда негизинде реалисттик болгон, скиф айбанат стилинин салттарынын эң кечирээктеги, бирден бир өкүлдөрү болушкан, бул а түгүл азыркы кыргыз оймо-чиймесинде да өзүнүн ачык чагылышын таап отурат.

VI—IX кылымдарга туура келген Енисей кыргыздарынын маданиятынын гүлдөшүнөн кийинки мезгилде маданий өнүгүүнүн темпинин кескин төмөндөп кетишин байкайбыз. Бул, кыргыздардын олуттуу бөлүгүнүн Тянь-Шанга ооп кетиши менен, андан кийин алардын үстүнөн моңгол үстөмдүгүнүн орношуна байланыштуу өз алдынча чыгармачылыгынын басаңдап кетиши менен түшүндүрүлөт. Кыргыз искусствосунун өнүгүшү негизинен алардын тянь-шандык бутагы менен байланыштуу.

Биз мурда бир нече жолу белгилегендей, кыргыздар Тянь-Шанда б.з.ч. I кылымдын орто ченинде эле пайда болот (Биздин төмөнкү эмгектерибизди кара «Археологический очерк Северной Киргизии», Фрунзе, 1941, стр. 45 ж.к.б.; «Историческое прошлое киргизского народа», Фрунзе, 1942; «Советтик Кыргызстан», №7-8,1942-ж.). Ушуга байланыштуу кыргыздар узак мезгилден бери эле Жети-Суудагы маданий- чыгармачылык процесстердин күбөлөрү гана болбостон, катышуучулары да болуп калышкан.

Тянь-Шанда байыркы мезгилдерден бери көркөм-сүрөт искусствосунун өнүгүү тарыхын четте калтыра туруп, кыргыз искусствосу байыркы жана орто кылымдар доорунда Жети-Суунун искусствосу менен кандайча айкалыша өнүккөнүн түшүндүрүп бере турган негизги жоболорго гана токтолуп кетмекчибиз.

Археологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, эң байыркы замандарда эле Жети-Суу уруулары Түштүк Сибирдин, анын ичинде Минусин крайынын уруулары менен тыгыз байланышта болуп келген жана бул жерде кыргыз эли түзүлгөн. VI—VIII кылымдарда Енисей кыргыздары менен Жети-Сууда түргөш жана карлук уруулары менен саясый жана экономикалык байланыштары да бир кыйла ырааттуу жүрүп турат, ал эми X кылымда бул жерде көп сандагы кыргыз урууларынын жашап турганы таптакыр талашсыз факт. Жети-Сууга V кылымдан бери эле согдулуктар отурукташа башташат (Заравшан дарыясынын бойлорунда жашаган Орто Азиянын иран уруулары). Алар менен бирге Жети-Сууда зороастрия дининин жана аны менен байланышкан культ искусствосунун пайда болушун байкайбыз. Бирок, Жети-Сууда ирандыктарга чейин шаманчылар болгон түрк көчмөн уруулары жашаган. Ирандык дыйкандар менен көчмөн түрктөрдүн аргындашуусунун натыйжасында Жети-Сууда өзгөчө синкреттүү искусство пайда болуп, ал искусстводо биринчи жана экинчи маданий көрүнүштөр чырмалышып калган. Турмуш-тиричилик буюмдарынын өтө бай чиймеленип кооздолушу жана өнүгүп-өскөн оймо-чиймелер менен мифтик жана кадимки жаныбарлардын реалисттик түрдө берилген образдары менен айкалышы бул искусствонун олуттуу белгиси. Түрк көчмөндөр менен отурукташкан дыйкан согдулуктардын искусстволорунун мындай жуурулушунун негизинде башка да бир катар чет жерлик өлкөлөрдүн: Кытайдын, Түштүк Сибирдин, Чыгыш Түркстандын, Ирандын, Индиянын, а түгүл Византиянын да таасирлери келип өз чагылышын тапкан. Мына ушулардын баары жети-суулук чөйрөдө жандуу түрдө, чыгармачылык менен кайра иштелип чыккан. Ошентип, өз алдынчалуу, оригиналдуу искусство жаралган. Ушул мезгилде чыгыш жана батыш цивилизацияларынын маданий карым-катнаштарынын ортомчусу катарында Жети-Суунун ролу өзгөчө бийик. Батышта Византия кандай роль ойносо Чыгышта Жети-Суу да ошондой эле ролду ойногон. Биздин замандын V—VIII кылымдардагы Жети-Суу — бул «Чыгыштын Византиясы, мында маданий таасирлерди өз ара алмашуу гана жүрбөстөн, өзүнүн өзгөчөлүү, олуттуу искусствосу да түзүлгөн. Ошол учурдагы Кыргызстандын искусствосунун негизги белгилеринин бири — тажрыйбалуу согдулук усталар чопого — турмуш-тиричилик идиштерине жана архитектуралык жасалгаларга көчмөн чөйрөдө түзүлгөн мотивдерди киргизгенинде. Кыргызстандын согдулук кол өнөрчүлүгү көчмөндөрдүн таасири астында искусство буюмдарында, өтө күчтүү өнүккөн оймо-чиймелер (негизинен геометриялык) менен катар, Кыргызстанда нукура ислам искусствосу, б.а. мусулман искусствосу (XI—XII к.) карахандар династиясынын тушунда үстөмдүк кыла баштаган мезгилде да жаныбарлардын сүрөттөрүн сактап кала алышкан. Бул доордо оймо-чийме искусствосу өтө жогорку бийиктикке өнүгүп жетет, бул искусствонун жеңишинин башталышы карлук мезгилинен мурдагы VIII—X кылымдарга таандык. Турмуш-тиричилик буюмдарында, айрыкча диний архитектурада жандуу нерселердин сүрөтү жок болуп, өсүмдүк, геометриялык жана Курандан алынган жакшылык каалоолордун ар кыл стилдештирилген тамгалардан турган жазуу түрүндөгү оймо-чиймелер үстөмдүк кылып калат. Ошондой болсо да суннит исламынын таасири астында өнүгүп жаткан искусстводо исламга мүнөздүү болбогон жаныбарлардын — кыргоолдун, аюунун, баканын кадыресе сүрөттөрү бар сюжеттер да жашап турган, бул болсо Кыргызстандын калкынын башка диндерге да жол бергендигинин далили болгон. Бул сүрөттөрдүн авторлору Енисейден Тянь-Шанга скифтик реалисттик искусствонун салтын ала келишкен, дээрлик таптакыр мусулмандашпаган кыргыздар жана исламга жат, зороастризм динин туткан, эркиндикти сүйгөн согдулук калк болгон.

Ошол эле XI—XII кылымдарда Чыгыш Түркстандан Тянь-Шанга кирип келишкен уйгурлар менен кара кытайлардын таасири астында Жети-Сууда буддизмдин өтө гүлдөп-өнүккөнүн байкайбыз. Бул искусствонун калдыгы байыркы Баласагун (Токмоктун алдындагы Ак-Бешим шаар чалдыбары) шаарынан табылды. Табылгалардын арасында буддалык скульптуралар, дубалдагы фреска сүрөттөрү, чопо статуялар көңүл бурууга татыктуу, булар түндүк-батыш Кытай менен Синьцзян оазистеринин искусствосун чагылтып турат.

Ошентип, Тянь-Шанды моңгол басып алууларына чейин Жети-Суунун калкынын, алардын ичинде кыргыздардын искусствосу дүйнөнүн эң эле ар түрдүү цивилизациялары менен өз ара мамиледе турган. Кыргыз искусствосу сюжет жагынан да, стиль жагынан да байып, өзүнө ар түрдүү чыгармачылык багыттарды сиңирип ала берген, бирок бардык ушул шарттарга карабастан, ырас, биз Енисей боюнча билген искусстводон өтө өзгөрүп кеткен болсо да, өзүнүн өз алдынчалуу, оригиналдуу бейнесин сактап кала алган.

Азыркы күнгө жеткен түрүндө кыргыз искусствосу XIII—XIX кылымдарда, б.а XIII— XIV кылымдарда Тянь-Шанда моңголдордун, XIV—XV кылымдарда тимурилердин жана XVI—XVIII кылымдарда жунгар-калмактардын үстөмдүк кылып турган мезгилде биротоло калыптанып бүтөт.

Кыргыз искусствосунун мүнөздүү белгилери кайсылар?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз искусствосуна арналган атайын эмгектерде, ал оймо-чиймелүү-декоративдик искусство катарында каралат. Боголюбов менен Фелькерзамдан Дудин менен Гавриловго чейин ушундай пикирде. Совет окумуштуулары, алардын ичинен, биринчи кезекте, мезгилсиз каза тапкан таланттуу искусство таануучу В. Чепелев кыргыз искуссвосу жөнүндө башка пикирди тутушту. В. Чепелев кыргыз декорунун өзгөчө белгиге ээ экенин көрсөттү. Өзүнүн мазмуну боюнча кыргыз оймо-чиймеси баяндуу оймо-чийме болуп саналат, башкача айтканда ал реалдуу дүйнө жөнүндө конкреттүү түшүнүктөрдү да билдирүүгө жөндөмдүү жана ага реалисттик маанайдагы мотивдер жат эмес.

В. Чепелевдин ушул эле пикирин А. Ромм өзүнүн «Кыргыз ССРинин көркөм- сүрөт искусствосунун тарыхынын очерки» деген эмгегинде колдоп чыккан.

Чынында да кыргыз искусствосуна реализмдин белгилери мүнөздүү деген тезисти толук далилдөөгө болот. Мазарлардагы сүрөттөрдү, мисалы, Орловка кыштагынан Талас кыштагына кетчү жолдогу мазарлардын тобундагы сүрөттөрдү айтпаганда да, сүрөтчү М. В. Рындиндин кыргыз оймо-чиймелеринин сүрөттөрүнүн жыйнагынан көптөгөн темаларды көрсөтүп бере алабыз.

Кыргыз оймо-чиймесинин бардык байлыгын ачып көрсөтүү ишинде баштоочу катарында да М. В. Рындиндин сиңирген эмгеги талашсыз. Кыргыз оймо-чиймесин изилдеп-үйрөнүү боюнча көп жылдык эмгегинде М. В. Рындин анын өтө бай жана ар түрдүү экенин, эң башкысы маңыздык мааниси бар экенин көрсөттү.

М. В. Рындиндин материалы боюнча кыргыз оймо-чиймесинде 154 негизги элемент бар, алар төмөнкү негизги төрт топко бөлүнөт: жаныбарлар дүйнөсү — 87 элемент; өсүмдүктөр дүйнөсү — 17; жаратылыш — 9; турмуш-тиричилик эмеректери — 41. Бул негизги элементтер 3500дөн ашык негизги комбинациялар менен варианттарды түзөт. Бир эле кочкор мүйүз мотивинин 224 варианты, бугунун — 50, кыргоолдун — 66 варианты бар жд.у.с. Бул цифралардан көрүнүп тургандай, жаныбарлар мотиви көркөм көчөттүк сюжеттердин негизги көпчүлүгүн түзөт. Бул негизги элементтердин арасында негизги реалисттик элементтер — төө, ит, жылкы, бугу, теке жана башкалар бар.

Көрсөтүп кете турган нерсе, кыргыз искусствосундагы реалисттик мотивдер айрым жаныбарлардын сүрөттөрүн толук берүү менен гана байланышпайт. Кыргыз искусствосунда мазарлардын дубалдарына түшүрүлгөн сүрөттөр да белгилүү, алар жалпак графикада аткарылып, келечексиз болгону менен, таң каларлыктай чеберчилик, так жана даана түшүрүлгөн сүрөттүү баяндамалардан турат. Ушундай типтеги сүрөттөр аскалардагы сүрөттөрдүн — петроглифтердин байыркы манераларынын түздөн-түз өнүгүшү болуп саналат, алар Кыргызстандын искусствосунда эң байыркы доорлордон — коло жана сак доорунан бери жашап келатат. Кыргыз оймо-чиймеси абстракттуу форма жаратуучулук болбостон, баяндоочу оймо-чийме болгондугунун фактысынын өзү эле кыргыз декорунун реалисттик искусство менен тектештигин ишенимдүү айтып турат. Кыргыз оймо-чиймесиндеги айрым сюжеттер искусствонун байыркы үлгүлөрүнүн түздөн-түз жаңырыгы болуп саналат. Алсак, мисалы, скиф үлгүсүн туураган бугунун фигурасы өтө көркөмдүү келет, ал эми күндүн сүрөтүн берген көркөм көчөт XI—XII кылымдарда кеңири тараган розетканы кайталайт, кыргоолдун сүрөтү V—XII кылымдардын карапасындагы сюжеттерге окшош жана башка көптөгөн дагы ушундай сыяктуу.

Оймо-чийменин семантикасы ого бетер эски. Мисалы, күндүн бетине кочкордун башы тартылып, айкалыштырылган сүрөт кызыгаарлык. Кочкор эң байыркы тотем, ал күн культу менен байланыштуу болгон. Муну академик Н. Я. Марр лингвистикалык материалдын негизинде көрсөткөн. Кыргыз оймо-чиймесинде Н. Я. Маррдын бул жобосу сүрөттөрдөн өзүнүн далилдөөсүн табат.

Кыргыз оймо-чиймесинде биз ошондой эле кошуна элдердин таасирлерин, түндүк бугунун мүйүзүнүн жана кайыктын сүрөтү түрүндөгү алгачкы мекен — Енисей жөнүндөгү эскерүүлөргө чейинкилерди жолуктурабыз. Кытайдын таасири тао-тье бет кебинин модификациялары түрүндө көрүнөт, Иран менен Орто Азиянын таасири жогоруда көрсөтүлгөн исламдын жана исламга чейинки искусствонун көрүнүштөрү түрүндө байкалат. Айрым бир сюжеттерден биз, а түгүл будда жана христиан иконографияларынын таасирин көрүүгө даярбыз, мисалы, ал балдардын жана үйдүн колдоочусу мифтик кудай Умайдын образынан көрүнөт.

Мына ушулардын бардыгы байыркы ири цивилизациялардын кыргыз искусствосуна кошкон чоң маданий салымы жөнүндө айтып турат.

Жогоруда айтылгандардан негизги үч корутунду келип чыгат:

1. Кыргыз элинин искусствосу кыргыз элинин тарыхы кандай байыркы болсо ошондой эле байыркы, ошондуктан анын башатын б.з.ч. II миң жылдыкка, ал эми анын гүлдөп-өнүгүшүн б.з. VI—VIII кылымдарына таандык кылса болот.

2. Кыргыз элинин искусствосу ар түрдүү эл аралык байланыштардын чөйрөсүндө өнүккөн, ошондуктан ал өтө бай маданий мураска ээ.

3. Азыркы кыргыз искусствосунун өнүгүшүндө кыргыз элинин бул бай маданий мурасы сүрөтчүлөрдүн, жалпы эле искусство кызматкерлеринин көз жаздымында калбашы керектиги өтө табигый нерсе. Мына ошондуктан, биздин көз карашыбызда, сүрөтчү Я. 3. Штоффер туура жолду тандап алган. Эгерде ал «Айчүрөк» операсынын декорациясында этнографиялык материалдардын эң мыкты синтезин берген болсо, «Көкүл» операсынын декорациясында кыргыз улуттук искусствосун байытуунун жаңы жолун тапкан. Бул жаңы жол ушул макалада жалпы белгилери боюнча гана сөз болгон көркөм-сүрөт искусствосу жагындагы кыргыз элинин бай маданий мурасына таянат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]