Кыргыз - Кувейт университети

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кыргыз - Кувейт университети (ККУ) 1999-жылы ачылган. Кыргыз Кувейт университети акысыз билим берүүчү, мамлекет эмес билим берүү мекеме. Адистерди үч багытта, жети адистик боюнча: котормочуларды, араб тили жана адабиятынын мугалимдерин, юрист жана журналисттерди даярдайт. Университетте Кыргызстандын, Кувейттин, Египеттин, Сириянын, Иорданиянын, Мавританиянын жана Ирактын квалификациялуу адистери эмгектенет. Араб тилин – бул тилдин алып жүрүүчүлөрү, араб өлкөлөрүнүн волонтёрлору окутат. Университеттин уюштуруучусу жана ректору коомдук эл аралык Айтматов академиясынын академиги, Ата-Түрк (Анкара) атындагы илим изилдөө борборунун ардактуу доктору А. С.Ормушев.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]