Эл аралык Кувейт университети

Википедия дан

Кыргыз-Кувейт университети (ККУ, 1999-2004), Махмуд Кашгари Барскани атындагы Чыгыш университети (2004-2018), Эл аралык Кувейт университети (2018-), 1999-жылы ачылган. Кыргыз Кувейт университети акысыз билим берүүчү, мамлекет эмес билим берүү мекеме. Адистерди үч багытта, жети адистик боюнча: котормочуларды, араб тили жана адабиятынын мугалимдерин, юрист жана журналисттерди даярдайт. Университетте Кыргызстандын, Кувейттин, Египеттин, Сириянын, Иорданиянын, Мавританиянын жана Ирактын квалификациялуу адистери эмгектенет. Араб тилин – бул тилдин алып жүрүүчүлөрү, араб өлкөлөрүнүн волонтёрлору окутат. Университеттин уюштуруучусу жана ректору коомдук эл аралык Айтматов академиясынын академиги, Ата-Түрк (Анкара) атындагы илим изилдөө борборунун ардактуу доктору А. С.Ормушев.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]