Кырк кыз

Википедия дан

Кырк кыз — элдик айрым генеалогиялык (санжыралык) маалыматтар боюнча кыргыздар легендарлуу кырк кыздан тарашат.

Хан кыздары болгон кырк кыз айрым маалыматтар боюнча сууга түшүп жатышып, суу башынан сары ит же карышкыр (бөрү) бутун салып пайда кылышкан көбүктөн улам («Көбүк» же «көпөк» - ит дегенди туюнтат) боюна бүтүп, андан кыргыздар тарайт имиш деген жомок бар. Бирок, бул тотемдик ишеним чагылдырылган мифологиялык уламыш кыргыздар ислам динин кабыл алышкандан соң бир топ бурмаланууга дуушар болгон. Бул генеалогиялык уламыш кытай жыл баяндарында да эскерилет. Анда Юань доорунда болуп өткөн окуялар, Ус дарыясынын боюндагы кырк кыз андан тараган кыргыздар жөнүндө уламыш баяндалат. Профессор В.Я.Бутанаевдин пикири боюнча бул уламыш жаралган жер азыркы Хакасиянын аймагы аркылуу агып өткөн Ус дарыясынын ойдуңуна таандык. Жазылыгы 200-250 м. келген тунук суулу дарыя табийгаты кереметтүү жерлер аркылуу агып өтөт. Кыргыздын «Кырк кыз» жана «Толубай сынчы» деп аталган уламыштарынын түз параллелдери кыргыздарга этногенетикалык жалпылыгы аныкталып жаткан лакайларда сакталып келет. Кызыктуусу, бул эки уламыш лакайларда болуп өткөн бир окуя катары айтылат: «Өткөн бир замандарда, Махмуд деген падыша кенен аймактарга падышалык кылып турган убактарда (Махмуд Газневи, Орто Азиядагы Газневийлер династиясынын негиздөөчүсү, 10-11-кк.) анын резиденциясы жайгашкан Балх шаарындагы ордо сарайында Дугони аттуу белгилүү саяпкер-сынчы жашап өтүптүр. Күндөрдүн биринде падыша Газневи Махмуд өзүнүн аргымактарын сынатмакка Дугонини чакырыптыр. Сынчынын сынагына коюлган, бирден чубурулуп өткөрүлгөн падышанын аргымактарынын бирине да Дугонинин көңүлү тойбоптур. Акырында сынаганга аргымактар такыр калбай, жоор баскан көлүк атты көрсөтүшөт. Бул жооруган көлүк атты көргөн сынчы таптагандан соң, анын чыныгы аргымакка айланарын айтыптыр. Буга ызаланган падыша сынчынын эки көзүн оюп, башын алмакка буйрук берет. Дугони сынчынын иниси болгон Думбугул падышадан кырк күнгө жоор атты күлүк кылып таптоо үчүн уруксат сурайт. Арадан күндөр өтүп, кырк күндөн соң жумушчу жоор ат чыныгы күлүккө айланыптыр. ЬІзаланып, кек сактаган падышанын жазалоого ниеттенип жаткандыгын сезишкен Дугони жана Думбугул аргымакка минишип, куугунга жеткирбей узап кетишет экен. Аргымакты куугундан качкан ага-инилер катагандардын «борко» аттуу уругуна тартуу кылышат». Уламыш боюнча катагандарга тартуу кылынган бул аргымактан кийинки атактуу монгол тукумундагы жылкылар тараптыр. Чындыгында эле, иликтөөчүлөрдүн маалыматтарына караганда, катаган жана лакайлардын жылкылары башка кошуна жашаган калктардын жылкыларынан породасы жагынан кескин айырмаланып турушат. «...Аң уулоо менен жан багып жатышкан бир туугандар дарыядан агып келе жаткан сандыкты көрүп калышат. Сандыкты ачып карашса, андан суйкайган эки сулуу кыз чыга келет. Улуусуна Дугони, ал эми кичүүсүнө Думбугул үйлөнөт». Мындан бул суйкайган эки сулуу кыз кандайча сандыкка салынып, дарыяга ташталгандыгы жөнүндөгү уламышка да көңүл бурсак болот: «...Исхактын тукумдарынан болгон Ибрагим пайгамбардын Адхам деген баласы болуптур. Анын Анар деген карындашы бар экен. Кошуна жашагандар Анардын кечинде белгисиз эркектердин коомуна барып жүргөндүгүн туюшуп, бул жөнүндө Ибрагимге кабарлашат. Агасы карындашынын «ыйык чилтендер» менен жолугушуп жүргөндүгүн билип, аны күнөөлөбөйт. Бул каңшаар падышага да учкан куштай жетип, Анар жана анын агасы Ибрагимди өлүм жазасына тартууга өкүм чыгарат. Өкүм аткарылар алдында Ибрагим: «Анар да ак, мен да акмын» («Анарда да, менде да күнөө жок!») деп айтат. Бул үн өкүм аткарылгандан кийин да угула берет экен (Аналхак жөнүндөгү уламыш менен салыштырыңыз: МИКК. Вып.1.-М.:1973, 207-211). Ызасы келген падыша өлүктөрдү өрттөөгө буйрук берет. Өрттөн калган күл да ушул сөздү кайталай бериптир. Күлдү сууга чачып жиберишсе, ал көбүккө айланып, дарыя аркылуу падышанын сарайына жылыптыр. Ушул учурда бак аралап эс алып жүргөн падыша жана аны коштогон увазирлердин кыздары аккан сууга колдорун салышар замат, бойлоруна бүтүптүр деген имиш айтылат... Хан бул кабарды угуп, кыздарды өлүм жазасына буюруйт. Баш кесер желдет жаш кыздарды аяп, сандыкка салып дарыяга агызып жиберет. Бул кыздар Дугони менен Думбугулга кезиккенден кийин, суудагы көбүктөн бойлоруна бүтүп, көз жарышат. Алардын күнөөлүү эместигин төрөт учурундагы узакка созулган татаал толгоолору да далилдеген имиш. Кыздардын улуусу төрөгөн балага Чын кыз (Чыңгыз), кичүүсүнө Дүр мен («Мен таза берметмин») деп ат коюшат. Кичүү уулдан дүрмен эли, улуу кыздан Чыңгыз хан жана анын тукумдары тарайт. Дугониден ханыша (падышанын кызы) кырк уул төрөйт». Санжыра- уламышта Дугониден Кармыш, анын тукумдарынан Лакай, ошол Лакайдан аталган кыргызга тектеш лакай эли тарайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]