Кырк муун

Википедия дан
Equisetum fluviatile.

Кырк муун (лат. Equisetum, L. 1753) — өсүмдүктөрдүн кырк муундар тукумундагы уруусу. Муунакталма тамырынан кремнезёмдуу, катуу сабак өсөт, ал муунактап бутактайт, ар муунагында начар өөрчүгөн жалбырагы жайгашат. Сабагы өтө катуу. Кырк муундун 30дай түрү Австралия жана Жаңы Зеландиядан башка бардык жерде таралган. КМШ өлкөлөрүндө 17 түрү, Кыргызстанда 3 түрү шагылдуу, саздуу, токой көлөкөлөрүндө кезигет. Камыш сымал жана ала кырк муун бугу ж. б. айбанаттарга жакшы тоют. Токой кырк мууну кереңкур, чил, каракур сыяктуу куштарга азык болот. Кышкы кырк муун жыгач буюмду жылмалоодо колдонулат. Талаа кырк мууну — отоо чөп, таштак жана чополуу, кумдак жерде өсөт. Саз кырк мууну — мал үчүн уулуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]