Кытайдагы маданий революция

Википедия дан

Кытайдагы «маданий революция» — 1966—69-жылдары интеллигенцияга каршы Кытайда өткөрүлгөн саясий компания; Мао Цзэ-дундун демилгеси менен жүргүзүлгөн массалык кыймыл. 50-жылдардын аягында Кытай жетекчилигинде улуу державалык, улутчулдук маанай өкүм сүрүп, Мао Цзе-дундун тобу авантюристтик (гегемониялыкка умтулуу, антисоветтик багытта) «чоң секирик» саясатын жарыялаган. Бул саясатты турмушка ашыруу аракеттери Кытайдын эл чарбасын кризиске учуратып, экономикасын начарлаткан. Маочулардын ички жана тышкы авантюристтик саясаты өлкөдө, ККПнин жооптуу кызматкерлеринин арасында нааразылык туудуруп, Лю Шаоци жана Дэн Сяопин баш болгон оппозиция күч ала баштаган. Оппозицияны жок кылуу жана элди баш ийдирүү үчүн маочулар 60-жылдардын 2-жарымында «маданий революция» уюштурган. Анын жүрүшүндө маданият эстеликтери жок кылынып, маданий нигилизм, антиинтеллектуализм жайылтылды, интеллигенция куугунтукталды. Маочулар армияга жана жаштардын алданган бөлүгүнө таянып, партиялык жана мамлекеттик белгилүү ишмерлерди жетекчиликтен четтетип, ККПнин көп мүчөлөрүн жазалашкан. Саясатта жүргүзгөн иштери үчүн Лю Шаоци менен Дэн Сяопин «буржуазиялык реакционерлер» деп күнөөлөнүшкөн. Алардын ордуна келген жаңы кадрларды Мао Цзе-дундун идеяларын коргоого үйрөтүшкөн. Кытай эмес элдердин өкүлдөрүн кысымга алуу жана аларды ассимиляциялаштыруу күчөгөн. Совет-кытай чек арасын бузууну көздөгөн маочулар антисоветтик ушакты кеңири таратып, 1969-жылы куралдуу кагылышуу чыгарганга чейин барган. Мао Цзэ-дун өлгөндөн кийин Кытай «маданий революция» расмий сынга алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]