Кытай жазуусу

Википедия дан

Кытай жазуусу — сөз же морфемаларды туюнтуу үчүн иероглифтер пайдаланылган жазуу. Иероглифтер биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын орто ченинде пайда болгон. биздин замандын 1-кылымында иероглифтерди жазуунун азыркыдай стили — кайшу («үлгү жазуу») иштелип чыккан. Кытай жазуусундагы жалпы белгилердин саны болжол менен 50 миң. Азыркы кытай тилинде анын 4—7 миңи пайдаланылат. Кытай салтында иероглифтер 6 категорияга бөлүнөт. Азыр аларды 3 топко ажыратышат: 1) пиктограммалар менен идеограммалар. Буларга байыркы жөнөкөй белгилер кирет; 2) фонограммалар (иероглифтердин көбү) — сөздүн маанисин жана айтылышын туура табууга жардам берүүчү «ачкычы» бар татаал белгилер; 3) «кабыл алынган» иероглифтер — мурда белгилүү бир түшүнүктү туюнтуу үчүн колдонулуп, кийин башка сөздү белгилөө үчүн пайдаланылып калган иероглифтер.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]