Кычан

Википедия дан

Кычан, Дүйшөке Жакыпов [1919, Ивановка району, Ажырык-Барат кыштагы (азыркы Ысык-Ата району, «Социалчыл» айылы) — 27. 8. 1933, ошол эле жер] — каарман пионер. Ал Совет бийлигин орнотууда, анын саясатын (жаңы экономикалык саясат, тап күрөшү, кулакка тартуу ж. б.) ишке ашырууда ага каршы чыккан кулактардын, кожо-молдолордун карасанатай иштеринин бетин ачкан. Жакын тууган, бирге окуган курбуларынын айтуусу боюнча Кычан республикада айыл чарбаны коллективдештирүү мезгилинде айылына жардам берип, жайкы эс алуу учурунда талаада чөмөлө салып, кырманда моло таш тартып иштеген. 1933-жылы ошол айылдагы Жумаалы аттуу адам 2 уй уурдап баратып, Жар-Башыга жетип алуу үчүн айылдын бадасын кайтарып жүргөн мектеп окуучусу Кычандын атын сураган. Кычан баш тартканда, аны бычактап өлтүргөн. Ал окуган мектепке, айыл-кыштак, шаар көчөлөрүнө ысмы берилип, пионердик дружиналар түзүлгөн. Бүткүл союздук пионер уюмунун Ардак китебинде алтын тамга менен жазылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]