Кыштут тоосу

Википедия дан

Кыштут тоосу - Алай кырка тоосунун түндүгүндө.

Аксуу ж-а Сох сууларынын аралыгында түш.-батыштан түндүккө карай ийилип жатат. Уз. 20–22 км, туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 2500–3000 м, эң бийик жери 3259 м. Кыры тайпак, аска зоолор жокко эсе, капталдары тик, кыска капчыгайлуу. Карбон, девон ж-а силур мезгилдин ринин катмарлуу доломит, доломиттүү акиташ теги, чополуу ж-а көмүрлүү сланец, кумдук, диабаз тектеринен турат. Талаа (1700–1800 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а сейрек арча токойлуу шалбаа (1800–2900 м), субальп ж-а альп, шалбаалуу талаа ж-а талаа (2900–3200 м), андан жогору нивалдык корум таштуу ландшафттар мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2