Кыштын сөөгү

Википедия дан

"Кыштын сөөгү" (англ. ) - Даниель Вудрелдин 2006-жылы жарык көргөн ушул эле аттуу романынын негизинде 2010-жылы Америкада тартылган көз карандысыз драмалык тасма. Сценарийин жазган жана режиссеру Дебра Граник, кино жылдызы Женифер Лоуренстин аткаруусундагы башкы каарман - Америка Кошмо Штаттарынын борбордук бөлүгүндөгү Озаркс айыл жергесинде жашоочу өспүрүм кыз өзүнүн үй-бүлөсүн көчүрүп жиберүүдөн сактап калыш үчүн жоголуп кеткен атасын табышы керек. Тасмада үй-бүлөнүн жакын жана алыскы карым-катнашы, ушак-айыңдын күчү жана тез тарашы, ток пейилдик, жакырчылык темалары изилделет, себеби аталган көйгөйлөр метамфетаминди чыгаруучу лабораториялардын тегерегинде топтолгон кылмыштуу чөйрөнүн таасири астында өзгөргөн.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыштын сөөгү" тасмасы бир катар сыйлыктарды, анын ичинде 2010-жылы Сандэнстеги Кинофестивалда Чоң калыстар тобунун байгесин утуп алган. Ал ошондой эле 2011-жылы Оскар сыйлыгынын: "Мыкты тасма", "Мыкты ылайыкташылган сценарий"," Мыкты актриса" жана "Экинчи катардагы мыкты актер" деген төрт номинациясы боюнча байгеге көрсөтүлгөн.

Андан тышкары, "Кыштын сөөгү" 2010-жылы Готем сыйлыгынын (Gotham Awards) "Мыкты роль" жана "Мыкты жалпы оюн" деген аталыштагы сыйлыктарды алып, бул ошол эле жылы Көз карандысыз Рух сыйлыгын (Independent Spirit Awards) жети номинация боюнча алган, анын ичинде "Мыкты тасма", "Мыкты режиссер", "Мыкты актриса" байгелери да бар.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]