Кыялдануу

Википедия дан

Кыялдануу – адамдын билиминин жана тажрыйбасынын негизинде жаңы ойлорду, сунуштарды жаратуучу татаал психикалык жараян.

Кыялдануу анык бир сезим элестерине же чындыктын кадимки үлгүсүнө негизделет. Кыялдануу төмөндөгүлөрдөн билинет:
1. Субъектин заттык иш-аракетинин башталышын жана акыркы натыйжасын көрө билгендигинен;
2. Көйгөйдүк кырдаал аныкталганга чейин, жүрүш-туруштун программасын түзүп койгондугунан;
3. Объекти чамалап жазуу менен анын элесин жарата алгандыгынан.

Кыялдануу процесси кабылдоо, эс жана ой жүгүртүү сыяктуу эле аналитика-синтездик мүнөзгө ээ. Алардан айырмасы эсте сакталып турган, мурунку жаралган элестерден түп-тамырынан бери өзгөргөн, буга чейин болуп көрбөгөн жаңы элести жараткандыгында.

Кыялданууда синтездик жараян башкы ролду ойнойт. Ал төмөндөгүдөй калыпта болот:

  • агглютинация – заттардын реалдуу түрдө бирикпей турган бөлүктөрүн, сапаттарын жана касиеттерин бириктирүү;
  • гиперболизация – объектини өтө чоңойтуп же кичирейтип жиберүү;
  • күчөтүү – жаңыдан жаралып жаткан элестин кайсы бир белгилерине күчтүү акцент жасоо;
  • схематизация – заттарды бири-бирине ийкемдештирүү жана алардын ортосундагы окшоштук белгилерди таба билүү;
  • типтештирүү – бир түрдүү кубулуштарда кайталана турган эң башкы белгилерди бөлүп көрсөтүү жана аны конкреттүү бир элес аркылуу алып чыгуу.

Кыялдануу пассивдүү, активдүү болуп бөлүнөт. Пассивдүү кыялдануу жаралган элестер өзгөрбөйт. Активдүү кыялдануу өз ичинен кайра түзүүчү жана чыгармачыл болуп жиктелет. Даяр далилдин негизинде жаңыдан элестерди жаратуу кайрадан жаратуучу кыялдануу деп аталат. Коом үчүн социалдык баалуулукка ээ болгон кандайдыр бир принципиалдуу жаңы элести түзүүгө багытталган аракет – чыгармачыл кыялдануу деп аталат. Чыгармачыл кыялданууда адам терең билимге, тажрыйбага таянат.

Кыялдануу жараяны бардык убакта эле тез аранын ичинде ишке аша койбойт. Кээде келечектеги каалаган элести түзүү, жабык калыпта, чыгармачыл адамдын ички дүйнөсүндө көпкө кармалып калат. Аны ой-тилек деп аташат. Кыялдануу өзгөчө калыпы болгон ой-тилек көп жагынан чыгармачыл кыялданууга жакындап кетет. Ой-тилектин чыгармачыл активдүүлүгү, анын мүнөзү, кеңдиги менен аныкталат. Ой-тилектин каалаган элеси – обочолонгон элес б. а. тез аранын ичинде түздөн-түз объективдүү продукт бере албайт. Бирок ой-тилектин инсандын багытталышы, тагдыры менен байланышкан жактарын изилдөө психология илиминдеги чечилбеген көйгөй бойдон калууда.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004