Кэш-диск

Википедия дан

Кэш-диск (англисче cashe disk) — тез-тез окулуучу берилиштер үчүн бөлүнгөн RAM (RAM — англисче Randon Access Memory — эркин иштөө мүмкүнчүлүгү бар эс) эсинин бөлүгү. Борбордук процессор дисктен берилиштерди сураганда, Кэш-дисктин программалык жабдыгы берилиштерди адегенде эстин кэш-дисктин бөлүгүнөн издейт. Эгерде иштетүүгө керек берилиштер кэш-дискте жатса, алар түз эле борбордук процессорго берилип, жай аракеттенген катуу дисктен берилиштер изделбей калат. Кэш-дисктин эсинин көлөмү андан жаңы берилиштер окулган сайын өзгөртүлүп турат. Кэш-дисктин программалык жабдыгы дискке жазуу аракетин натыйжалуу аткарат, мында борбордук процессор бош эмес болсо, жазылуучу берилиштерди убактылуу кармап туруу мүмкүнчүлүгү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]