Кяхта келишими (1727)

Википедия дан

Кяхта келишими (1727)Россия менен Кытайдын ортосундагы 1691-жылы манжурлар басып алган аймактагы чек араны белгилөө жана орус-кытай соода мамилелери жөнүндөгү келишим. 1727-жылы 21-октябрда орус элчиси С. Л. Владиславович-Рагузинский жана Кытай өкмөтүнүн өкүлдөрү — Чабин, Тегут жана Тулишендер Кяхта дарыясынын жээгинде жолугушуп, орус-кытай чек арасын аныктоо жана соода байланышын чыңдоо жөнүндө келишимге кол коюшкан. Бура келишиминин (1727) негизинде орус-кытай чек арасы такталып жана соода тартиби белгиленип, Пекинде орус дин кызматын ачууга Цин өкмөтүнүн макулдугу бекемделген. Кяхта келишими элчилерди кабыл алуу, дипломатиялык кат алышуу шарттарын ж. б. маселелерди аныктаган. Кяхта келишими 19-кылымдын ортосуна чейин орус-кытай мамилелеринин укуктук негизи болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]