Кёрлинг

Wikipedia дан
Кёрлинг
Сүрөт
Мүнөздөмө
Категориясы

Командалык оюн

Аралыгы

Таш, щётка,слайдер

Биринчи мелдеш
Олимпиада оюндары

1924 жыл, кийин 1998 жылдан тарта

Дүйнө чемпиондугу

1959 жыл

Европа чемпиондугу

1975 жыл

Эл аралык федерация
Аталышы

Бүткүл дүйнөлүк кёрлинг федерациясы

Негизделген жылы

1966 жыл

Федерациянын башчысы

Шотландия Кейт Кейтнесс

Веб-сайт

www.worldcurling.org

Кёрлинг (англ. curling, гелт. curr) — Муз аянтчасындагы команда менен ойнолуучу спорттун бир түрү. Эки команда музга атайын ылайыкташтырылган оор шайманды "үйгө" чогултуп, упай топтошот.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Бул спорт түрү Шотландияда XVI кылымдын башында жаралган. Буга Данблейн көлмөсүнүн түбүнөн кёрлингге тиешелүү таш табылып, анда 1511-жыл деген убакыт белгиленгени далил. Ал эми тарых барактарында 1541-жылдары жазылган жазууларда кезигет. Эл арасында муздак аба ырайы, көлдөрдүн тоңушунан улам жээкте иштегендер үшүбөөнүн айласын көрүп, бул оюн келип чыккан деп айтылат. Бул оюнду ар бир адам ойной тура алгандыгы үчүн кёрлинг Шотландияда бат эле популярдуу болгон. Шотландия менен соода-сатык түзүшкөн Европа өлкөлөрү кёрлингдин жайылышына себепкер болсо, Америкага көчүп баргандар бул материкке тараткан.

Оюндун эрежеси[оңдоо | булагын оңдоо]

Оюндун максаты – өз таштарыңды үйгө чогултуу. Кайсы команданын таштары үйгө жакын топтолсо, көбүрөөк упай алат. Оюнга 2 командадан 4 оюнчу катышат. Кёрлинг "энд" деп аталган 10 мезгилден турат. Ар бир эндде оюнчулар 2 жолудан таш ыргытышат. Ташты ыргытууда оюнчу күүлөнүп келип "үйдү" көздөй мээлейт. Спортчулар ташты "үйгө" чогултуу же атаандаштын ташын сүрүп чыгаруу үчүн ыргытышын өздөрү чечип алышат.

Кёрлинг үчүн аянтча
«Үйдөгү» таш

Бул эрежелер XIX кылымдын башында түзүлүп, ошондон бери дээрлик өзгөрүүгө учураган эмес.

1. Оюнга даярдык. Оюнга чейин спортчулар атайын даярдык көрүшөт. Машыгуу алдында муз аянтчага суу чачкыч менен суу чачып чыгышат. Ал тамчылар музда кичинекей бүдүрчөлөрдү пайда кылат. Оюн маалында свиперлер дал ушул бүдүрчөлөрдү щётка менен сүрткөндө таштар ылдам жүрө баштайт. 2. Баштапкы сызык – оюнчу ташты ушул сызыкка чейин коё бериши керек. 3. Таш – атайын белгиленген граниттен жасалып, салмагы 17-20 килограммды түзөт. Гранит Шотландиянын ’’Эйлса-Крейг’’ аралындагы жайдан гана алынат. Тоголок сымал келген цилиндр формасына окшогон бул шаймандын колго кармоого ылайыкталган кармагычы жасалат. 4. Свипер – ыргытылган ташты 2 оюнчу атайын оюнга ылайыкталган щётка сыяктуу шайман менен таштын жолун тазалап, ылдамдыгына чейин көзөмөлдөшөт. 5. Кёрлингдин аянтчасы – төрт бурчтуу болуп, узундугу 45 метрдей, туурасы 5 метр. 6. Муздун температурасы -5 градус болууга тийиш. 7. Үй – муз аянтчасынын соңку бөлүгү, диаметри 15тен 182 сантиметрге чейин жеткен 4 айланадан турат. 8. Борбор – кайсы команданын ташы борбордун ортосуна жакын жайгашса упай алат. 9. Скип – команда капитаны. "Үйдүн" сыртында туруп команданын жүргүзгөн оюнун талдап, ар кыл тактиканы түзөт. Өзү оюндун эң соңунда таш ыргытат.

Кызыкттуу маалыматтар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • 1800-жылдары Шотландиянын Мэнсфилд графы бул оюнду ханыша Викторияга көргөзгөндө ал аталган оюнду абдан жактырган. Жыйынтыгында Улуу Британиянын Падышалык кёрлинг клубу түзүлгөн.
  • Алгачкы Дүйнөлүк биринчилик Фолкерк жана Эдинбург шаарында 1959-жылы өтүп, анда канадалык команда жеңишке жетишкен. Учурда Дүйнөлүк чемпиондукка ондон ашуун команда ат салышып келет. 2016-жылы Швейцариянын Базель шаарында өткөн чемпиондуктун жеңүүчүсү Канада аталган.
  • Кёрлинг спорт түрү катары Олимпиада оюндарында 1924-жылы көргөзмө катары ойнолгон. Расмий түрдө 1998-жылы кирип, учурдагы алтын медалдардын ээси канадалык оюнчулар.
  • Спортчулар арасында "кёрлинг мүнөзү" калыптанган. Оюн жүрүшүндө атаандашы ката кетирип же жаза басканда эч качан кубанышпайт жана оюн бүткөндө жеңүүчүнү куттуктаганды унутушпайт. Жеңүүчү командага суусундук алып берүү эзелтен келе жаткан салт болуп эсептелет.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Калып:Уикисөздүк

Калып:Командалык спорт түрү Калып:Олимпиадалык спорт түрү