Кѳк

Википедия дан

Кѳк - челденип жүнү алынган чылгый тери жана андан тилинген талчалар. Кѳк бир аз жибиткен чылгый териден ичке-ичке тилинип даярдалып, камчы өрүү, эшик чийин согуу, бут кийим, кереге жана башка кѳктѳѳ үчүн колдонулган. Кѳк кайыш, булгаары, шири, жыгач буюмдарды кѳктѳѳгѳ да керектелип, кырганда жыгачтай катып калган соң оңойлук менен жибиген эмес. Ошондуктан дайыма кыймылда болуучу буюмдарды жасоодо (кереге кептѳѳдѳ, эшик, чий согууда, камчы өрүүдө) кѳп пайдаланылган. Тазартылган тери менен ээр да капталган. Ээр каптоо, чий согуу, кереге кептѳѳ, камчы өрүү ишинде азыр деле кѳк колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]