Күбөлөндүрүү

Википедия дан

Күбөлөндүрүү – айыпталуучуну, шектүүнү, жабырлануучуну же күбөнү алардын денесиндеги кылмыш издерин (аркыл жаракаттарды, тырыктактарды, кандын тактарын ж. б.) же өзгөчө белгилердин (м.: дене түзүлүштөрүнүн кемчиликтерин, татировкалардын ж. б.) бар экенин аныктоодо турган жүрүмдүк иш-аракеттер. Калыс күбөлөрдүн катышуусу менен тергөөчү тарабынан, ал эми зарыл болгон учурларда – эгер көрсөтүлгөн издер жана өзгөчө белгилер сот экспертизасын өткөрүүсүз эле аныкталуусу мүмкүн болсо – врачтын катышуусунда жүргүзүлөт. Башка жыныстагы адамды К-дө, эгер ал денени жылаңачтоо менен коштоло турган болсо, тергөөчү катышпайт. Мындай учурларда К. врач тарабынан калыс күбөлөрдүн катышуусунда жүргүзүлөт. К. жүргүзүү жөнүндө тергөөчү токтом чыгарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]