Күзгү кап

Википедия дан

Күзгү кап, текче — көчмөн турмушта негизинен күзгү салынчу буюм. Орточо күзгү каптын узундугу 100 смдей, туурасы 50 смдей болгон. Күзгү кап кийизден, таардан, калың кездемеден ар кандай чоңдукта жасалып, төрт бурчуна чачыланып өрүлгөн (согулган) боолор тагылган; бет жагы курак, оймо, сайма, бермет, шуру бастырылып, жээги тордолуп жана чачыланып кооздолгон; төмөнкү эки боосу керегенин башына, жогорку эки боосу эки уук алаканынын жогорураак жагына (туурасы кере, бийиги бош) байланган. Буга күзгүдөн башка эндик, упа, атыр, ооз комуз, шуру да салынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]