Күздөө

Википедия дан

Күздөө — малдын күзгү жайыты. Мал жайлоодон келгенче, жаздоо чөбү алысындап, күзүндө күзгү жайыт катары пайдаланылган. Мал көбүнчө түзөң, тоо этеги, кокту-колот, адырларда күздөтүлгөн. Күзгү жайыттын түшүмү жайкы жайыттыкынан төмөн, чөптө азык заттар аз болгон. Көпчүлүгү күзгүсүн аңызга да мал жайган. Учурда колхоз-совхоздор тарап, дыйкан чарбасы уюшулгандыгына байланыштуу күздөө аз пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]