Күкүрттүү ангидрид

Википедия дан

Күкүрттүү ангидрид, күкүрт (IV) оксиди, SО2 — 4 валенттүү күкүрт менен кычкылтек бирикмеси; күкүрттү абада же кычкылтекте күйгүзгөндө пайда болот. Ал абада металлдар сульфиди, мис., темир колчеданын күйгүзгөндө пайда болот:

4FeS2+11O2 =2Fe 2O3+8SO2

Бул реакция менен К. а. ө. ж-да алышат. К. а. — түссүз газ («күкүрттүү газ»), күйгөн күкүрттөй кескин жыты бар. Ал оңой эле түссүз суюктукка конденсацияланат (суюктук -10,5°С кайнайт), сууда жакшы эрийт (20°С 1 көлөм сууда 40 көлөмгө жакын). Натыйжада суу менен бир аз реакцияга кирип, сульфит кислотасын пайда кылат.

SO2+ Н2O « Н2SO3

Күкүрт (IV) оксиди күкүрт кислотасын алуу үчүн, самынды, жүндү, жибекти агартууда дезинфекциялоочу кара-жат катарында (жер төлөдөгү, погребдеги, вино даярдоочу идиштеги, ачытуучу чаңдагы козукарындар желелерин жоготуу үчүн) колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]