Күкүрттүү көмүртек
Көрүнүш
Күкүрттүү көмүртек (көмүртек дисульфиди) CS2 – түссүз, учма суюктук. Көпчүлүк орг. эриткичтерде жакшы эрийт, сууда начар эрийт. Майлар, каучук, чайырлар, күкүрт, фосфор, иод, күмүш нитратын эритет. Жеңил күйөт. Кызарып ысыган жыгач көмүрү аркылуу күкүрт буусун өткөрүүдөн алынат. Вискозаны өндүрүү, CCl4 синтездөөдө эриткич катарына колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6